Коронавируска каршы күрөшүү боюнча Республикалык штаб өлкөдө жаңы, 26 учур кайсыл аймактарда катталганын айтты. Маалыматка ылайык соңку жуктургандар төмөндөгү район-шаарлардын аймактарында аныкталган:
Сузак районунда (Жалал-Абад) – 9
Ала-Бука районунда (Жалал-Абад) – 2
Ош шаары (Ош облусу) – 1
Кара-Суу районунда (Ош облусу) – 8
Ноокат районунда (Ош облусу) – 6
Бардыгы болуп Ош облусунда – 15 учур жана Жалал-Абад облусунда – 11 учур.