Биз менен байланышыңыз

Эми Бишкекте жол коопсуздук кызматкерлери унааны жолдо туруп тоспойт

Кыска кабар , Пикирлер | 7 Фев 2020 | 15772 | 1

Бишкекте жол коопсуздук кызматкерлери көчөдө туруп унааларды тоспой турган болду. Бул тууралуу Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Нур Сатыбалдыев “Маралга” берген маегинде билдирген. Анын айтымында, патрулдук милиция кызматкерлеринин тартипти камсыздоо ыкмасы өзгөрдү:

-Атайын эреже бузулган убакта милиция кызматкерлери унаа менен барып, эскертүү берип токтотот. Издөөдө жүргөн унаа болсо же туура эмес жерге токтогон учурда да патрулдук милиция текшере алат. Бирок таякчасын кармап, жолдо туруп тосконго болбойт.

Сатыбалдиевдин айтымында, патрулдук милиция түзүлгөндөн кийин Бишкек шаарында жол кырсыгы 20 пайызга төмөндөдү.

1 пикир

1 пикир

  1. Таалай

    09.02.2020 04:08

    Жолдо туруп тозгондор болсо кандай чара көрүлөт. Кайда кайрылыш керек. Жол эрежелерин бузган жана башка мыйзам бузуулар боюнча «Бишкек сегодня» Телеграмм каналына жарандар жазып жооп ала алышпай жатат. Эмне себептен ал каналга жоопту адамды дайындап чара көрүлбөйт?!

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM