Биз менен байланышыңыз

Патрулдук милиция изи сууй элек 59 кылмыштын бетин ачты

Кыска кабар , Пикирлер | 13 Дек 2019 | 767 | 0

Бүгүнкү күнгө карата Патрулдук милиция жеринен изи сууй элек 59 кылмыш фактысынын бетин ачты. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары, милициянын подполковниги Нур Сатыбалдиев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Патрулдук милициянын кызматкерлери «Бузуулар» кодекси боюнча 1891, «Жоруктар» кодексинде каралган беренелер боюнча сотко чейинки өндүрүштө каралган 188 кылмыштын бетин ачты.

Мындан сырткары, «102» номуру аркылуу түшкөн кайрылуулар боюнча кылмыштын алдын алуу иштерин жүргүзүшкөн.

-Коомдук тартипти бузгандыгы үчүн 31 фактыны ачышты. Ал эми жол эрежесин бузуу боюнча 1360 фактынын бетип ачып, тиешелүү протоколдор түзүлдү. Ошол эле учурда «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында жол эрежесин бузгандыгы үчүн айыппулдарды төлөбөй жүргөн фактылар боюнча убактылуу унаа токтотуу аянтына 317 транспорт каражатын киргизишти, — дейт Сатыбалдиев.

Ал белгилегендей, учурда биринчи баскыч менен окууну бүтүп келген кызматкерлер жетишсиз. Алар эки райондун бир канча бөлүмүндө гана кызмат өтөөдө.

-Эл позитивдүү пикирлерди айтып, Партулдук милиция кызматы ИИМдеги реформанын жакшы көрүнүшү экенин белгилешүүдө. Конкурстун алкагында милиция кызматкерлеринен сырткары, жаш жарандар да келип иштеп, көмөк көрсөтүштү. Алар ишине көнгөнчө өйдө-ылдый болушу мүмкүн. Кызматкерлер «авто» жана «жөө» патруль деп экиге бөлүнөт. Алар бөлүмдөрдө иш алып барууда. Бул жарандардын мыйзамсыз иштерге баруусуна бөгөт коёт. Албетте, мындай иш-чаралар профилактикалык иштин маанисин көрсөтөт, — дейт Сатыбалдиев.

Белгилей кетсек, Патрулдук милиция ушул жылдын 31-октябрында ишке кирген. Кызматкерлер коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында иш алып барат. Коомдук жайлардагы кылмыштуулук менен күрөшүү — Патрулдук милициянын милдети.

Copyright © 2017 Maral FM