Connect with us

Сатыбалдыев: Айыппул төлөбөй жүргөндөрдүн көбү — жолтандабас айдагандар

Кыска кабар , Пикирлер | 7 Фев 2020 | 3676 | 1

Кыргызстандагы автоунаалардын 20%ын жолтандабастар түзөт. Жол эрежесин бузуп, айыппулду төлөбөй жүргөндөрдүн басымдуу бөлүгүн ошол жол тандабас унаалардын ээлери түзөт. Мындай маалыматты Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын башчысынын орун басары Нур Сатыбалдыев “Маралга” берген маегинде билдирди. Ал “Коопсуз шаар” долбоору киргенден кийин катталган эреже бузууларды жокко чыгарууга мүмкүн болбой калганын, төлөөдөн башка чара жок экендигин эскертти:

-Камералар каттаган соң, аны жокко чыгарууга мүмкүн эмес. Эреже бузгандан кийин сөзсүз айыппулду төлөө керек. 3 жылдын ичинде соттошуп жатып, баары бир өндүрүп алабыз. Бийлигиң бүгүн бар, эртең жок. Ошон үчүн төлөп коюп, тынч жүргөн жакшы.

Эскерте кетсек, Кыргызстан боюнча 1 млн 348 миң унаа бар.

Copyright © 2017 Maral FM