Биз менен байланышыңыз

 Бишкек шаарын атчан милиция көзөмөлдөйт

Коом | 2 Июл 2019 | 1197 | 0

Бишкек шаарынын коопсуздугун атчан милиция көзөмөлдөйт. Мындай маалыматты Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Учурда жаңы шарттар боюнча иштер жүрүп жатат. «Атчан милиция шаардын коопсуздугун көзөмөлгө ала алабы? Жаңыланууга мамлекеттин бюджети жетеби?» — деген суроолорго жооп издеп көрдүк.

Жакын арада борбор калаабыздын коопсуздугун унаа айдаган милиция кызматкерлери эмес, атчан кызматкерлер көзөмөлдөйт. Былтыр Кайгуул кызматынын башкармалыгына атчан милиция кызматкерлерин даярдоо боюнча сунуш киргизилген. Анын негизинде 21 ат үйрөтүлүп жатат. Мындай маалыматты Ички иштер министрлигинин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Нур Сатыбалдиев билдирди.

— Былтыр атчан кызматкерлерди даярдоо боюнча реформа киргизилген. Азыр болсо ишке ашыруу үчүн аттарды даярдап, сынактын негизинде кабыл алынган милиция кызматкерлерин окутуп-үйрөтүп жатабыз. Шаар ичиндеги, жаңы конуштардагы коопсуздукту сактоо үчүн атчан кызматкерлер керек. Алгач аттарга шар түзөбүз.

Ал эми Коопсуздукту көзөмөлдөө кызматкери Кубанычбек Байгазиев милиция кызматкерлери ат минип борбордун коопсуздугун көзөмөлдөгөнүн колдойт. Себеби, кыргыз эзелтен ат үстүндө чоңойгон эл. «Антсе да, Бишкекте эл көп болгондуктан, адегенде аттарды үйрөтүп, анан көчөгө алып чыгуу керек», — дейт.

— Шаардын коопсуздугу үчүн керек деп ойлойм. Негизи биз кыргыз эли атка жакынбыз, унаа ордуна колдонуп келгенбиз. Ал эми атты шаар ичине үйрөтүү керек. Себеби, шаардын ызы-чуусунан үркүп кетиши мүмкүн.

Атчан кызматкерлер көп өлкөлөрдө бар, андыктан, Кыргызстанга да киргизсе ашыкча болбойт. Айрыкча, чоң парктарга атчан милиция кызматкерлери керек. Мындай пикирди «Шаардагы парктар» муниципалдык ишканасынын директору Калича Өмүралиева билдирүү менен бирге, аталган ишке көп каражат кетерин да эске салды.

— Учурда бул иштин үстүнөн иштеп жатабыз. Биринчиден, атчан кызматкерлер үчүн шаар ичинде шарт түзүшүбүз керек. Бирок шарт түзүүгө чоң суммадагы каражат керектелет. 

Ал эми айрым шаар тургандарынын айтымында, азырынча өлкөгө мындай кызматтын кереги жок. Себеби, башка өлкөдөгүдөй аттар үчүн шарттар түзүлгөн эмес.

— Жөнөкөй эле адамдар баса турчу жолдордун абалы начар болуп атса,  аттар үчүн кандай шарт түзүлөт, билбейм?  Шарт түзүү үчүн бюджеттен чоң суммадагы акча керектелет, ошондуктан, азырынча кереги жок деп ойлойм. 

Белгилей кетсек, былтыр атчан милиция кызматкерлерин жумушка алуу иши каралып, 2019-жылы бюджеттен 200 млн сом бөлүнөрү айтылган.  Ал кызматкерлерди айлык акысы 21 миң сом болору да белгилүү болгон.

Copyright © 2017 Maral FM