Биз менен байланышыңыз

Сокулукта жол кырсыгынан үч адам каза болду

Кыска кабар | 21 Янв 2020 | 680 | 0

Бүгүн, 21- январда Чүй облусунун Сокулук айылына жакын жерде жол кырсыгы катталып, үч адам каза болду. Бул тууралуу Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Жол кырсыгы саат 07:30 чамасында болгон. «Хонда Аккорд» унаасы жолдун карама-каршы тилкесине чыгып, «Бишкек — Кара-Балта» багыты боюнча бара жаткан кичи автобус менен кагылышкан.

Жол кырсыгынан улам жеңил унаанын айдоочусу жана эки жүргүнчү каза болгон. Учурда алардын өздүгү такталууда.

Ошондой эле алдын ала маалымат боюнча, кичи автобустун жети жүргүнчүсү жабыркап, ооруканага жеткирилген.

Copyright © 2017 Maral FM