Connect with us

ИИМ: Кой-Таш окуясы боюнча шектүүлөрдүн мүлктөрү камакка алынды

Кыска кабар | 5 Янв 2020 | 848 | 0

2019-жылдын 7-8- август күндөрү болгон Кой-Таш окуясы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында мамлекетке жана жарандарга келтирилген чыгымдардын ордун толтурууну камсыздоо максатында Жазык-процесстик кодексинин 123-беренесинин негизинде жана Мамлекеттик каттоо кызматы берген маалыматка ылайык, оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасоого шектелгендердин мүлктөрү камакка алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шектүүлөрдүн туугандарынын мүлктөрү камакка алынган эмес.

Эске сала кетсек, 7-8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы жүргөн. Анда мурдагы президенттин тарапташтары каршылык көрсөтүп, эл менен кагылышуунун натыйжасында УКМКнын «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери каза болгон жана 175 адам ар түрдүү жараат алып ооруканага кайрылган.

Copyright © 2017 Maral FM