Connect with us

Өзбекстандагы метронун курулушунда 6 адам каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Дек 2019 | 755 | 0

Өзбекстандын Ташкент шаарында метро курулуп жаткан жерде болгон кырсыкта каза болуп, жер астында калган 6 адамдын сөөгү чыгарылды. Бул тууралуу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тастыктады.

«Бүгүн, 19-декабрда куткаруучу топтун ишинин натыйжасында жер астынан 6 сөөк чыгарылды. Издөө иштери уланууда»,- деп билдирди Өзбекстандын ӨКМ кызматы.

18-декабрда, Ташкенттеги Юнусабад районундагы метро жолу курулуп жаткан аймакта жер көчүп, иштеп жаткан бир канча киши топурак астында калган. Адистердин айтымында, жердин көчүшүнө бир нече күн токтобой жааган жаан себеп болгон.

Copyright © 2017 Maral FM