Connect with us

Мамлекеттик бюджеттин 10 айдагы таңкыстыгы 3 млрд сомдон ашты

Кыска кабар | 3 Дек 2019 | 654 | 0

Ушул жылдын 10 айында мамлекеттик бюджеттин тартыштыгы 3 млрд сомдон ашты. Бул тууралуу Финансы министрлигинин расмий сайтында айтылат.

Мамлекеттик бюджеттин жалпы кирешеси 125,4 млрд сомду түзгөн. Анын 110 миллиард сомго жакыны республикалык бюджеттин кирешеси болгон. Ал эми 17,8 млрд жергиликтүү бюджеттин кирешеси болуп саналат.

10 ай ичинде мамлекеттик казынадан 128,5 млрд сомдук төлөмдөр жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында 3 млрд сомдон ашык тартыштык келип чыккан.

Copyright © 2017 Maral FM