18 адамдын өмүрүн алган Чилидеги башаламандык [фотогалерея] Дүйнө , Кыска кабар | 24 Окт 2019 | 810 | 0 Facebook Twitter 14-октябрдан бери Чилиде калайман каршылык акциялары токтобой келет. Акциянын чыгышына өлкөнүн борбору Сантьягодо метродогу жол акыны 3-4 сомго көбөйтүү себеп болгон. Чилинин президенти Себастьян Пиньера метродогу жүргүнчү акысын көтөрүүдөн баш тартышканын кабарлаганы менен, демонстранттар каршылык акциясын токтотушкан эмес. Жол киренин көтөрүлүшү — калктын бийликке карата топтолгон нааразычылыктарын көрсөтүүгө шарт түздү. Сантьягодогу толкун 10 күн мурда башталган. Жүздөгөн мектеп окуучулары жана студенттер билетсиз жүрүшүп, турникеттерден секирип, жер астындагы жолдордо каршылык акцияларын уюштурушкан. 18-октябрда башаламандык максималдуу түрдө өскөн. Манифесттер полиция кызматкерлерин таштар менен уруп, унааларды өрттөп, метро станцияларын талкалаган. Нааразычылыктан улам, коомдук транспорт кыймылдарынын режими бузулуп, жалпысынан аймактардагы 43 мектеп убактылуу жабылган. Чилинин президенти Себастьян Пиньера өлкөдөгү абалды согушка салыштырды. Борбор шаарда 40 метро станциясы талкаланып, 15тен ашуун автобус өрттөнгөн. Башаламандыкты токтотуу үчүн полиция кызматкерлери жана армия тартылган. Каршылык акциялары күчөп кеткендиктен, 18-октябрда Сантьягодо өзгөчө кырдаалдар режими киргизилген. Полиция демонстранттарды таркатуу үчүн көздөн жаш агызуучу газдарды жана басым менен суу аткан унааларды колдонушкан. Акциянын жүрүшүндө 1400дөн ашык жаран кармалды. Калайман нааразычылыктардын айынан 18 адам каза болду. Себастьян Пиньера акция учурундагы баскынчыларды «Чилинин душманы, өзүн-өзү сыйлабагандар»,- деп атады. Демонстранттардын айынан жалпы бекеттердин 40 пайызын оңдоп-түзөөгө туура келет. "Марал радиосу" Телеграмда "Марал радиосу" Инстаграмда Жарнама Айпери Кыдырали кызы Тектеш материалдар Мьянмада дагы 20дай адам полиция огунан каза тапты Гонконгдо миңдеген адамдар митингге чыгышты Беларусия митингге чыккандарга каршы ок атуучу курал колдонгонун ырастады Москвада Беларусиядагы митингди колдогон тилектештик акциясы өттү Бейруттагы жарылуу: Нааразычылыктардан улам Ливан өкмөтү отставкага кетти Беларусияда өткөн митингде бир адам каза болду Пикир калтырыңыз Жооп жазуу Жоопту жокко чыгаруу Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *Пикир: Атыңыз * Көп окулууда Кыска кабар2 мая 2024 3-майга карата аба ырайы Кыска кабар2 мая 2024 Сокулуктан чоң суммадагы акчасы менен сейф уурдагандар Оштон кармалды Кыска кабар,Спорт2 мая 2024 Астана: Кыргызстандык 3 мушкер финалга чыкты Кыска кабар2 мая 2024 Кыргыз эл акыны, сатирик Жолочу Рысбаев акыркы сапарга узатылды Дүйнө,Кыска кабар2 мая 2024 Бразилияда нөшөрлүү жаандан кийин сел жүрүп, кеминде 10 адам каза тапты Маанилүү Коом30 Апр 2024 Нарында окуучулар сууну сарамжалдоо үчүн «Гидрогель» колдонушууда Кыска кабар30 Апр 2024 «Беш-Сары» соода борборунун директору кармалды Кыска кабар30 Апр 2024 Ишкерлерди опузалап акча талап кылган УКТ мүчөлөрү кармалды Кыска кабар29 Апр 2024 Бала-Саруу ГЭСи толугу менен май айында ишке берилет Кыска кабар28 Апр 2024 Баткен, Ош, Кара-Суу округундагы шайлоонун алдын ала жыйынтыктары