Connect with us

Абдил Сегизбаев ИИМге суракка чакырылды.

Кыска кабар | 12 Авг 2019 | 794 | 0

Улуттук коопсуздук комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев 13-августта Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматына суракка чакырылды. Бул тууралуу анын жакындарына таянып «Азаттык» жазып чыкты. Сегизбаев учурда Бишкек шаарында.

Айрым маалымат каражаттары Сегизбаевдин Кой-Таштагы окуяларга байланыштуу камакка алынганын буга чейин жазып чыгышкан эле. Бирок УКМКнын мурдагы төрагасынын жакындары бул маалыматты четке кагып, милиция кызматкерлери ИИМге чакыруу тапшыруу үчүн гана келгенин кабарлашты. Азырынча кайсы иш боюнча жана ким катары чакырылганы белгисиз.

Айрым маалымат каражаттары Сегизбаев 11-августта эле ИИМде сурак бергенин жазышты. Бирок милиция бул маалымат туура эмес экенин билдирди.

Абдил Сегизбаев 7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди УКМКнын «Альфа» ыкчам бөлүгү кармаганы барган учурдагы кагылышта жаракат алып, ооруканага жеткирилген эле.

Учурда 7-8-августта Кой-Ташта болгон окуялар боюнча президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов, КСДПнын мүчөлөрү Алга Кылычов, Кыяз Исмаилов жана Амантур Жамгырчиев 8-октябрга чейин камакка алынган. Атамбаевдин бир нече тарапкери ИИМге күбө катары сурак берүүдө.

Ал эми Алмазбек Атамбаев «Коррупция» беренеси боюнча шектүү катары 26-августка чейин УКМКнын Тергөө абагына камакка алынды.

Copyright © 2017 Maral FM