Биз менен байланышыңыз

Instagramда «сөгөнөөктөрдүн» сөзүн чектеген функция ишке кирет

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Июл 2019 | 646 | 0

Instagram социалдык тармагынын абийирге шек келтирүүчү сөздөрдүн алдын алуу максатында түзүлгөн жаңы функциясы жакынкы күндөрү ишке кирет. Бул тууралуу аталган компания расмий баракчасына жарыялады.

Маалыматта айтылгандай, Instagram видео, сүрөттөрдүн астына бирөөнү шылдыңдап, сөгүнүп-сагынып жазган комментарийлерди жасалма интеллекттин жардамы менен аныктайт. Эгер абройго шек келтирет деп табылса, комментарий жазып жатканда, «Чын эле муну жарыялоону каалайсызбы?» — деген эскертүү берилет. Мындан сырткары, терс комментарийлерди жашырып коюу үчүн «Чектөө» функциясы пайда болот.

Функциянын жаратуучулары социалдык тармакты колдонуучулардын жаман сөздөрдү жазышуусунан улам, чыныгы жашоодо чыр чыгып кеткен учурлардын алдын алуу максатында иштелип чыкканын белгилешет.

Copyright © 2017 Maral FM