Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган делегация Талас облусундагы иш сапарынын алкагында Манастын күмбөзүнө барды. Бул тууралуу жеринен кабарчыбыз билдирди.
Ошондой эле, Өкмөт башчы күмбөздүн жанындагы ипподромду оңдоп-түзөө иштери менен таанышты.
Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев ипподромдун курулуш иштерин толук бүткөрүү үчүн дагы 5 миллион сомдой каражат керек экенин билдирди. Өз кезегинде премьер-министр колдоо көрсөтөрүн айтты.
Эске сала кетсек, быйыл Таласта көчмөндөр оюну өткөрүлөт. Ага карата Өкмөт даярдык көрүүдө. Жакында атайын жыйын болуп, анда уюштуруу иштери каралды.