Connect with us

Бакытжан Сагинтаев «Нур Отан» партиясынын Алматыдагы төрагасы болду

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Июл 2019 | 586 | 0

Бүгүн, 5-июлда Казакстандын Алматы шаарында «Нур Отан» партиясынын кезектен тыш XXV конференциясы өттү. Анда Бакытжан Сагинтаев «Нур Отан» партиясынын Алматыдагы төрагасы болуп шайланды. Бул тууралуу Сагинтаев өзүнүн Твиттердеги баракчасына жарыялады.

Буга чейин Сагинтаев президенттин жарлыгы менен Алматынын акими болуп дайындалган.

Ал 2016-жылы премьер-министрдин милдетин аткаруучу, андан соң премьер-министр кызматын аркалаган. 2019-жылдын 21-февралында Сагинтаев жетектеген өкмөт отставкага кеткен.

1-мартта Казакстан президентинин катчысы, 24-мартта президенттик аппараттын жетекчиси болуп дайындалган. Ал эми 28-июнда башка кызматка өткөнүнө байланыштуу аткарган милдетинен бошотулган.

Copyright © 2017 Maral FM