Connect with us

«Өлкөдө мигрант кайтып келе турган шарт түзүлбөй жатат»

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Июн 2019 | 1126 | 0

«Жүк-200» үчүн берилүүчү компенсацияны алуунун шарттарын жеңилдетүү зарыл. Мындай пикирин «KG-Russ» коомунун жетекчиси, мигрант Толкунбай Акматов «Маралда» өткөн тегерек үстөлдө билдирди.

Ал кыргыз өкмөтү чет жакка чыгып жаткан жарандарга камсыздандыруу фондун түзүп бериши зарыл деп эсептейт.

«Чек арадан ар бир жаран каражат төлөп өтсө жакшы болмок. Эгер кокустук болсо, ошол каражат колдонулмак. Бул маселени 3 жылдан бери айтабыз. Эч ким карабайт, өкмөт да башын жерге салат. Орусиялык клиникалар медициналык камсыздандырууга да макул. Кыргыз өкмөтү «жөнөткөн акчаны мамлекетке бербей жатасыңар» дейт. Бирок мамлекетте жүгүртүлгөн акча мигранттардан келүүдө. Мындан улам өкмөт алардын көйгөйүн чечүүгө милдеттүү», — дейт Акматов.

Анын айтымында, орус өкмөтү мигранттардын балдарына медициналык камсыздандыруу полисин бербейт. Аны жеке компаниялардан ар бир бала үчүн 20 миң сом төлөп алууга туура келет. Мындан улам кыргыз өкмөттү аталган маселеге көңүл бурса, бир топ мигранттын турмушу жеңилдейт.

Ошондой эле, өлкөдө мигрант кайтып келе турган шарт түзүлбөй жатат.

«Айылдын топурагында жылаңаяк баскым келет. Бирок мигранттар КРга келгени менен 1 жылда кайра Орусияга кетет. КРда кызматкерлердин башкалар менен иши жок. Мамлекетте эл иштей турган мекемелер болушу керек. Кыргызстанда 25 миң айлык алган адам Орусияга кетпейт. Биз IT адистерин өстүрүп, «акылды» сатышыбыз керек. Илимге, IT технологияларына көңүл бурсак, эч ким Орусияга мигрант болуп барбайт», — дейт Акматов.

Copyright © 2017 Maral FM