Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара кызматкерлерине биргелешкен практикалык семинар өттү

Кыска кабар | 24 Июн 2019 | 493 | 0

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара кызматкерлери чек ара бөлүмдөрүнүн башчыларына биргелешкен практикалык семинар өткөрүштү. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Иш чаранын жүрүшүндө эки өлкөнүн мамлекеттик чек арасындагы чек арачылардын жүрүм-туруму боюнча талаптар менен таанышышты. Ошондой эле, чек арадан контрабандалык маршруттардын негизги багыттарын аныкташып, чек ара аныкталбаган аймактар боюнча тапшырмаларды аныкташты.

Биргелешкен практикалык семинарды өткөрүүнүн негизги максаты чек арадагы негизги талаптарды аныктап, биргеликте натыйжалуу иш алып баруу болуп саналат.

Copyright © 2017 Maral FM