Жогорку Соттун жыйындар залында Бишкектеги жогорку окуу жайлардын юридикалык факультеттеринин бүтүрүүчү курсунун студенттерине «Республикалык медиаторлор жамааты» коомдук бирикмеси тарабынан кичи тренинг өткөрүлдү. Бул иш-чарага аталган коомдун беш мүчөсүнөн тышкары, Жогорку Соттун төрайымынын орун басары Айнаш Токбаева катышты. Айтмакчы, иш-чараны Жогорку Сот уюштурду.
«Медиация — ар түрдүү чыр-чатакты жөнгө салуунун бир ыкмасы. Кыргызчалап айтканда, ортомчу же арачы. Анын негизги максаты: бир пикирге келе албай жаткан тараптардын ымалага келүүсүнө шарт түзүп берүү», — дейт «Республикалык медиаторлор жамааты» коомдук бирикмесинин төрайымы Гүлсина Кожоярова. Анын айтымында, жогорку билими бар, жашы 25тен өткөн Кыргызстандын ар бир жараны медиатор боло алат. Ал үчүн медиаторлордун республикалык борборунан алты күн окуп, сертификатка ээ болушу зарыл. Кыргызда эзелтен болуп келген бул наркты заманбап ыкма менен алып чыгууну көздөп жатышканын айткан Кожоярова медиация кызматынын зарылдыгы тууралуу буларга токтолду:
— Сотко барганда адамдар бири-бирине карама-каршы болуп калышат да, душмандашат. Биз кичинекей эле калкпыз. Жыл сайын сотко кайрылгандар көбөйүп жатат. Ушундай нерсе улана берсе, кандай мамлекет болобуз? Кандай эл болобуз? Жыл сайын үй-бүлөлүк талаш-тартыштар менен 17 миң жаран кайрылат. Алардын артында балдар бар. Элибизди башка багытка буруп, табиятына туура келген сүйлөшүү жолу менен талаш-тартыштарды чечкенге аракеттенели. Бул бизде илгертен эле бар болчу. Ушуну жаңы ыкма катары үйрөтөлү деген максатта мыйзам кабыл алынган.
Бүгүнкү иш-чараны уюштуруучулардын бири, Жогорку Соттун төрайымынын орун басары Айнаш Токбаева юридикалык факультеттин студенттери бул кызматты сөзсүз билиши керектигин айтат. Бүгүнкү иш-чараны уюштуруунун максаты да ушул болгон.
— Иш-чаранын негизги багыты — медиация институту менен тааныштыруу. Окууну жаңы бүтүп, юристтик кесиптин ээси болуп кетип жатышат. Демек, булар да билиши керек. Өлкөдө медиация тууралуу маалымат аз. Медиация институтун өнүктүрүү максатында: «Бул эмне деген институт, кимдер медиатор боло алат?» — деген өңдүү суроолордун тегерегинде маалымат беребиз. Айта кетчү жагдай, жогорку билими бар, юрист эмес адам деле медиатор боло алат.
Бир пикирге келе албаган тараптар сотко чейин медиация кызматы аркылуу тил табышса, маселени сот менен чечкенге караганда көп жагынан утат. Мындай пикирин юрист Клара Сооронкулова билдирди. Анын айтымында, бул кызматтын коомчулук менен иштешип кетүүсү — алдыдагы маселе. Медиация кызматынын чет өлкөлөрдө колдонулушу тууралуу буларга токтолду:
— Японияны алып карай турган болсок, соттук териштирүү терс көрүнүш катары бааланат. Сот тараптарга медиатор таап берип, сөзсүз элдештирүүгө аракет кылат. Медиация көп мамлекеттерде өнүккөн. Мисалы, Казакстанда ЖМКлар катышкан талаш-тартышта сөзсүз медиатор аралашат. Биздеги окутулуп жаткан курстар, мыйзамдар Орусиянын тажрыйбасынан алынып жатат.
Эскерте кетсек, 2017-жылы медиация тууралуу мыйзам кабыл алынып, 2018-жылдын февраль айынан баштап иштей баштаган.