Биз менен байланышыңыз

Орусияда эң кары адам 123 жашында каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 11 мая 2019 | 522 | 0

Орусиянын эң көп жашаган жараны Аппаз Илиев 123 жашында жарык дүйнө менен кош айтышты. Бул тууралуу Ингушетия аймагынын башчысы Юнус-Бек Евкуров кечээ Instagram баракчасына жазды.

«Аппаз Лоросович кылымдарды карытты. 8 баланы, 35 неберени жана 20 чөбөрөнү өстүрдү. Ар дайым айкөл болуп, жашоого олуттуу караган мыкты инсан экенине мен жеке өзүнө жолукканда бир эмес, бир нече жолу ынангам», — деп баракчасына мурда тартылган сүрөтүн коюп, билдирүү калтырган.

Илиев 6-майда Ингушетиянын республикалык ооруканасына жаткырылганы айтылат. Дарыгерлер анын бир нече органы иштебей калганын белгилешкен.

Ал оор абалда болуп, комага түшүп калган.

Copyright © 2017 Maral FM