Биз менен байланышыңыз

Назарбаев партиянын жыйынында көзүнө жаш алды

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Апр 2019 | 1119 | 1

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев бүгүн «Нур-Отан» партиясынын жыйынына катышты. Анда ал бийлигин тапшырууга 3 жыл даярданганын айтты.

«30 жыл калкты башкаруу оңой эмес убакыт. Бийликти тапшыруу чечими да бир күн же бир айда кабыл алынган жок. Мен мындай чечимге бир нече жыл даярдандым. Ачыгын айтканда, 3 жылдан ашыгыраак», — деди Назарбаев. Андан ары залда партиянын гимни жаңырып, элдин баары туруп кол чапканда, Нурсултан Назарбаев толкунданганынан көзүнө жаш алды.

Ал ошондой эле, ушул убакытка чейин кадрларды байкоого алып, тарбиялап келгенин айтты. Кадрлары ишеничин актаганын кошумчалап, жалпы журтту Токаевдин талапкерлигин колдоого алып, президент катары шайлап берүүгө чакырып өттү.

1 пикир

1 пикир

  1. Абилбий

    28.04.2019 14:23

    Малыматтарына рахмат талыкпай Эл учун эмгектенебергиле.ишинерге ийгилик.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM