Биз менен байланышыңыз

Паспорт тендеринен мамлекет 253 млн. 377 миң сомдук зыян тарткан

Кыска кабар | 16 Апр 2019 | 801 | 1

26-февралда паспортторду сатып алуу боюнча өткөрүлгөн тендерден мамлекеттик бюджетке 253 млн. 377 миң сомдук зыян келтирилген. Учурда кылмыш иши козголуп, тергелип жатат. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын Тергөө жана ыкчам издөө ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси Замир Бейшекеев билдирди.

Ошондой эле ал аталган иш боюнча азырынча камакка алынгандар тууралуу маалымат жок экендигин кошумчалады.

Буга чейин Өлкөдөгү «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын жана Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилери камакка алынып, Улуттук коопсуздук комитетинин убактылуу кармоочу жайына киргизилгени кабарланган болчу.

“Инфоком” жана Каттоо кызматынын жетекчилери камакка алынды

 

Copyright © 2017 Maral FM