Биз менен байланышыңыз

«Инфоком» жана Каттоо кызматынын жетекчилери камакка алынды

Кыска кабар | 16 Апр 2019 | 1071 | 0

Өлкөдөгү «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын жана Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилери камакка алынып, Улуттук коопсуздук комитетинин убактылуу кармоочу жайына киргизилгени кабарланууда.

Кармалгандар чет элдик паспортторду чыгарууда Е-бланкаларды сатып алуу боюнча тендерде мыйзам бузууларга барган деп айыпталууда.

Тактай кетсек, «Инфокомдун» башчысы Талант Абдуллаев, статс-катчысы Данияр Бакчиев жана Мамкаттоонун башчысынын орун басары Русланбек Сарыбаев камакка алынган.

УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов аталган кызматкерлерге карата мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө иштери жүрүп жатканын айтып, кийинчереек толук маалымат берилерин кошумчалады.

«Марал» радиосу Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат катчысы Элзат Кыдырмышевага байланышканда, бул боюнча мекемеге расмий кат келе электигин айтты. Ошондой эле, Мамкаттоонун башчысынын орун басары Русланбек Сарыбаев жумуш ордунда жок экенин билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM