Түркмөнстандын дагы бир Түркмөнбашы (Красноводск) шаарын суу каптады. Тынбай жааган жамгырдан улам, суунун деңгээли көтөрүлүп, машиналар сууда сүзүп калганын «Turkmenyurt» маалымат агентиги 14-апрелде кабарлады.
Туркменбашы шаарындагы турак жайлар жана өндүрүштөр темир жол бекетинен бир кыйла төмөн деңгээлде: 8-10 метр ылдыйда жайгашкан.
Буга чейин 13-апрелде тынбай жааган жамгырдан улам, Ашхабад шаарынын бир канча районун суу каптагандыгы маалымдалган.