Кыргызстандын экономикасы акыркы 2 айда (январь –февраль) 4,9 пайызга өскөн жана 63 млрд сомду түзгөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
2018-жылдын январь-февраль айларында ИДӨнүн өсүшү Кумтөрдү эске албаганда 3 пайызды түзгөн болчу.