Биз менен байланышыңыз

2019-жылы 69 имарат бала бакчага кайтарылат

Кыска кабар | 6 Мар 2019 | 596 | 0

Мамлекеттик мүлк фонду 10 имаратты бакчага кайтарды. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.

Ага ылайык, учурунда мектепке чейинки билим берүү багытында колдонулуп, кийин башка мекемеге өтүп кеткен имараттар кайтарылды. Анын алтоосу мамлекеттик, төртү муниципалдык кызматта болгон.

Имараттардын төртөөсү Бишкекте, 3ү Чүй облусунда, бирөөсү Ысык-Көлдө, бири Жалал-Абадда жана Нарында жайгашкан. Учурда дагы мурдагы 5 бала бакчаны кайтаруу иштери жүрүүдө.

2019-жылы 69 бала бакчаны кайра кайтарып берүү пландалууда.

Copyright © 2017 Maral FM