Connect with us

Казакстан: Өкмөттүн кетишинин «өзгөчө» себептери

Дүйнө | 22 Фев 2019 | 901 | 0

Мындай чечимди президент Назарбаев 21-февраль кечинде чыгарды.

Казак президенти Нурсултан Назарбаев 21-февралда Бакытжан Сагинтаев жетектеген онунчу өкмөттү отставкага кетирди.

Президент мындай чечимдин негизги жүйөөсү катары өкмөттүн экономиканы жана казакстандыктардын жашоо деңгээлин көтөрө албаганын эсептеди.

— Мен «Калктын кирешеси жана жашоосунун сапаты өкмөттүн ар бир мүчөсүнүн жана ар бир акимдин негизги максаты болсун«,- деп бир нече жолу тапшырма бергем. Эки жыл мурда биз конституциялык реформа жасап, өкмөт акимдер менен бирге социалдыкэкономикалык маселелерди чечүүдө жана аларга жоопкерчилик алууда керектүү ыйгарым укуктарга жана өз алдынчалыкка ээ болгон. Керектүү мамлекеттик программалар кабыл алынган. Аларды ишке ашыруу үчүн тиешелүү ресурстар бөлүнгөн. Бирок системалуу иш жасалган жок. Калктын кирешеси көбөйгөн жок. Үйбүлөлөрдүн бюджетинен азыктүлүккө сарпталган чыгымдар өсүп жатат. Өкмөт мүчөлөрүнүн калк менен иштешип, алардын маселелерин угуп, тиешелүү түшүндүрүү иштерин жүргүзө албаганынан маселенин баары тереңдеп жатат. Өкмөт отставкага кетиши керек деп эсептейм.

Өкмөттүн отставкага кетээри менен мурдагы өкмөт башчы Бакытжан Сагинтаев бийликтен ажыраганынан карабай, президентке ыраазычылыгын айтты. Назарбаевдин ар бир чечими казак элинин келечеги үчүн чыгаарын белгилеп, кайрылуу жолдоду.

Бүгүн өкмөт отставкага кетти. Эл башы- биздин мамлекеттин негиздөөчү биздин журт атабыз мамлекеттин жана казак элинин  кызыкчылыгы үчүн чечим кабыл алып келет. Мамлекеттин түптөлүшү бул оңой-олтоң иш эмес. Анын ичинде биздикиндей мамлекеттин башында туруп, ички жана тышкы саясий стабилдүүлүктү сактап келүүнүн өзү кыйын иш. Ал үчүн биздин президентке терең ыраазычылыгымды билдирем. Биздин өкмөткө 2,5 жыл ишеним көрсөткөнү үчүн рахмат айтам.  Эл башы сыр-урматка татыктуу.

Президенттин чечимине бир үй-бүлөнүн иске ууланган беш секелек кыздын өлүмү түрткү болгону айтылууда. Анткени соңку учурда Казакстанда көп балалуу энелердин нааразычылыктары күчөгөн.

Сагинтаев жетектеген министрлер кабинетинин отставкасы тууралуу маселе көп балалуу энелердин нааразылыгына чейин да, 30-январда өкмөттүн кеңейтилген жыйынында көтөрүлгөн. Ал жыйында казак президенти Назарбаев бир катар министрлерди «коркоктор» деп кесе айткан.

Чукул өзгөрүүлөрдү эксперттер ар кандай талдап жатат. Саясатчы Равшан Жээнбеков соңку мезгилде чыны менен Казакстанда экономикалык абал начарлаганын байкаган. Мындай көрүнүштүн кесепетинен Сагинтаев садага чабылганын «Маралга» билдирди.

Бул жерде бир эле маселе бар. Орусия геосаясий чыр-чатактардан бир топ жабыркап калды. Анын эпкини Казакастанга да тийүүдө. Себеби Казакстан да Орусияга окшош эле мунай  менен газга дүйнөлүк баага аябагандай көз каранды, ошону менен бирге эле технологияларга да аябагандай көз каранды. Орусияга кирген санкция биздин чөлкөм анын ичинде Казакстандын экономикалык абалы бир топ начарлады. Ошонун артынан коомдо бир топ нааразычылык жаралды. Нааразычылыктар токтобой  барган сайын күчөп келе жатат. Андай учурда авторитардык мамлекеттин президенттери бир эле жолу бар. Ошол  күнөөнү, өлкөдөгү жаман нерселердин баардыгын, өкмөткө шылтайт дагы анан ошол менен өкмөттү отставкага кетирет.

Казакстандык саясат таануучу Досым Сатпаев бул өңдүү классикалык схема терең жайылганын өзүнүн твиттердеги баракчасына жазды. Бул ыкма элдин арасында талылуу маселелерге чекит коюунун амалына айланганын белгилеген.

Президенттин өкмөттүн отставкасы тууралуу билдирүүсү «хан жакшы, вазир жаман» деген классикалык схемага төп келет. Керек болгон учурда нааразы маанайдын багытын шалаакы аткаминерлерге бура коюу — жакшы иштелип чыккан саясий технология. Жарылып кетиши мүмкүн болгон буу казандын эффектин «Акордо» акыры көрдүбү? Болгону аткаминерди алмаштырган менен ал казан кала берет.

Казакстан саясатында мындай өзгөрүүнүн боло турганы буга чейин эле күтүлгөн. Маселе президент белгилеген жерде эле эмес, саясатта турганын «Альтернатива» изилдөө борборунун жетекчиси Андрей  Чеботарев «СА-News» сайтына берген. Эксперт бул кадам Назарбаевдин 2020-жылга жаңы команда топтоо аракети деп баалаган.

Биринчиден, Коопсуздук кеңешинин ыйгарым укуктары жана статусунун өзгөрүшү, Конституциялык кеңештин президенттин мүмкүнчүлүктөрү жөнүндөгү чечими акырындан чоң саясий бурулуштарга даярдык көрүү десек болот. Ошондуктан кадр саясатында чоң өзгөрүүлөр күтүлөт. Бир гана өкмөттө эмес, президенттик аппарат, борбордук жана аймактык мамлекеттик органдарга чейин күтүлөт. Ошентип мөөнөтүнөн мурда өтө турган шайлоолорго Назарбаев даярданып жатат. Ал эми башка жагдайлар мынчалык чоң алмашууларга алып барбайт эле…

Саясат таануучу Марс Сариев кошуна өлкөдө бийлик алмашуу жакындады деген пикирин айтууда. Муну АКШнын Казакстандагы элчилигинин өкүлдөрү көбөйтүлгөнү сындуу фактылар менен байланыштырат.

Астанадагы Америкалык элчилик өзүнүн 100 дөн ашык дипломаттарын көбөйттү. Бул маалыматты эксперттер айтып  жатат. Эми бир окуялар болуп кетиши мүмкүн. Ошону токтотуу максатында Назарбаев аракетин көрүүдө. Казакстанда Армения, Кыргызстандагы болуп жаткан окуялардын баарын көрүп турат. Мына ошондон улам алдына ала даярдыкты баштагандай.

Анын үстүнө Казакстанда бийликке элдин нааразычылыгы көп экенин айткандар да бар.

Эскерте кетсек, Бакытжан Сагинтаевдин командасы аткаруу бийлигинде 2,5 жыл иштеди. Бул Казакстандагы 10-өкмөт болуп калды.

Учурда вице-премьер-министр Аскар Мамин өкмөт башчынын милдетин убактылуу аткарып жатат. Эми жакын арада жаңы өкмөт ишке киришет.

Copyright © 2017 Maral FM