Биз менен байланышыңыз

Тазабек Икрамов алган төш белгиси тууралуу билдирүү жасады

Кыска кабар | 20 Фев 2019 | 821 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов Билим берүү жана илим министрлиги берген төш белгиси тууралуу билдирүү жасады. Анда бул сыйлык коомчулукта талкууланып жатканын айтып, жагдайды түшүндүрдү.

Депутаттын айтымында, төш белгиси Жогорку Кеңештин билим берүү, социалдык саясат жана маданият комитетинин чечиминин негизинде берилген.

Билдирүүдө эл өкүлү агартуу тармагында билим алганын, парламентте да бул тармакка байланышкан маселелерди көтөрүп келгенин эске салган.

-Үч жыл аралыгында курулган мектептер, ремонттон өткөн окуу жайларында кандайдыр бир деӊгээлде менин улушум бар экенин кесиптештерим, министрлик жакшы билет.

Эске салсак, 15-январда Билим берүү жана илим министрлиги депутат Тазабек Икрамовго «Билим берүүнүн мыктысы» сыйлыгын ыйгарган.

Copyright © 2017 Maral FM