2018-жылы Кыргызстанда иштөө үчүн 12 950 чет өлкөлүккө уруксат берилген. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын статс-катчысы Нурлан Шерипов Жогорку Кеңеште айтты.
Анын белгилешинче, уруксат алгандардын тизмеси төмөнкүдөй:
-Кытай — 9 670
-Түркия- 1 066
-Түштүк Корея — 324,
-Пакистан — 275,
-АКШ — 187,
-Өзбекстан — 130,
-Иран — 93,
-Индия — 135,
-Вьетнам — 125,
-Калган мамлекеттер — 905.
Чек ара кызматынын маалыматы боюнча былтыр өлкөгө 7 млн 57 миң 69 турист келген.