Connect with us

Кыргызстандын атын колдонуп, 400 миң евро алгандар кармалды

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Янв 2019 | 1241 | 0

Финландияда  мамлекеттик бюджеттен акча каражатын уурдоо боюнча өзгөчө кылмыш иши ачылды. Бул тууралуу финландиялык «Yle» басылмасы жазып чыкты.

Анда шылуундар тобу  Кыргызстандын адам укугун коргоо жаатына колдоо көрсөтүү үчүн деп мамлекеттик бюджетинен каражат алышкан. Ал үчүн шылуундар Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасынын (ПРООН) расмий сайтын бузуп киришип, анын атынан Финландиянын Тышкы иштер министрлигине кат жолдошкон.

400 миң евро өлчөмүндө каражат которгондон кийин гана министрлик абалдан шектенип, уурулардын банктык эсебин дароо жаптырышкан. Бирок 170 миң евро шылуундардын колуна тийип, кайтаруу мүмкүн болгон жок.

Финландиянын Борбордук криминалдык полициясынын божомолунда бул иштин артында уюшкан кылмыштуу топ турат. Учурда ага катыштыгы бар деп шектелген үч жаран бар, полиция алардын ысымдары менен жарандыктарын ачыктай элек. Азырынча алар акча карактоого гана шектелишүүдө. Кылмышты пландап, уюштуруп жана колдонгон тараптар аныктала элек.

Copyright © 2017 Maral FM