Биз менен байланышыңыз

Англияга футболчуну алып бараткан учак жоголду

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Янв 2019 | 611 | 0

Франциянын «Нанта » футболдук клубунан Англиянын «Кардиф сити» командасына сатылган аргентиналык Эмилиано Сала жаңы клубуна жеке менчик кичи учак менен бараткан жолунда дайынсыз жоголду. Маалымат эл аралык спорттук басылмаларда жана белгилүү футболчулардын социалдык желелердеги расмий баракчаларында жарыяланды.

Маалыматка ылайык, Эмилиано Сала Жекшемби кунү 20-январда «Кардиф ситиге» өтүү боюнча келишимге кол коюлуп, эртеси күнү клубдагы достору менен бирге болуп, кечинде коштошуп жолго чыккан. Ал озүнун социалдык тармактагы баракчасына достору менен түшкөн сүрөтүн жүктөп, «Акыркы коштошуу» деген жазуусун калтырган соң эч ким менен байланышкан эмес.

Аны алып жөнөгөн учак «Нанта» клубунун ээси Мехмет Делманга таандык болгон. Алар Норманд аралдарынын үс түнөн өтүп бараткан чакта жергиликтүү аэропортко конууга уруксат сураган бойдон радарлардан чыгып, көрүнбөй калган.

Франция жана Англиянын куткаруучулар тобу учак жана кемелер менен издегенине карабай учактан дайын жок.

Куткаруу тобу футболчулардын тирүү экенинен күмөн санап жатышат.

Футбол дүйнөсүндө Саланын жоголушу кызуу талкууланып, ар түрдүү жоромолдор айтылып жаткан чагы. 28 жаштагы Эмилиано Сала «Нанта» клубунун тарыхындагы эң кымбат бааланган оюнчу болуп, трансфери 15 млн долларга чыккан.

Copyright © 2017 Maral FM