Биз менен байланышыңыз

Бишкекте кыргыз-мажар кызматташтыгы талкууланууда

Кыска кабар | 19 Сен 2024 | 73 | 0

Бүгүн, 19-сентябрда Бишкекте Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Мажаристандын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийярто жолукту. 

Сапардын алкагында кыргыз-мажар Стратегиялык кеңешинин төртүнчү жыйыны өтөт.

Жолугушуунун алкагында саясий, экономикалык, билим берүү жана маданий-гуманитардык багыттарда эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Кыргыз-мажар өнүктүрүү фондунун уставдык капиталын 16 миллион доллардан 50 миллион долларга чейин көтөрүү пландалып жатканы айтылды.

Белгилей кетсек, эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү 2023-жылы 14, 72 миллион долларды түзгөн. Бул көрсөткүч башка жылдарга салыштырмалуу 1, 7 эсе көп.

Өткөн жылы президент Садыр Жапаров Мажаристанга жумушчу сапарын жасаган. Ал жактагы кыргыз жарандарынын көпчүлүгү окууга жана өндүрүштүк жумуштарда иштөө үчүн барган. 

Copyright © 2017 Maral FM