Бүгүн, 19-сентябрда Бишкекте Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Мажаристандын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийярто жолукту.
Сапардын алкагында кыргыз-мажар Стратегиялык кеңешинин төртүнчү жыйыны өтөт.
Жолугушуунун алкагында саясий, экономикалык, билим берүү жана маданий-гуманитардык багыттарда эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүүдө.
Кыргыз-мажар өнүктүрүү фондунун уставдык капиталын 16 миллион доллардан 50 миллион долларга чейин көтөрүү пландалып жатканы айтылды.
Белгилей кетсек, эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү 2023-жылы 14, 72 миллион долларды түзгөн. Бул көрсөткүч башка жылдарга салыштырмалуу 1, 7 эсе көп.
Өткөн жылы президент Садыр Жапаров Мажаристанга жумушчу сапарын жасаган. Ал жактагы кыргыз жарандарынын көпчүлүгү окууга жана өндүрүштүк жумуштарда иштөө үчүн барган.