Биз менен байланышыңыз

Зардалы: дарыгер жоктугунан ФАП иштебейт, мектеп директору да жок

Кыска кабар | 19 Сен 2024 | 147 | 0

Акыйкатчы институту Баткен облусунун Зардалы айылынын жашоочуларынын укуктарынын сакталышы боюнча кабар алып келди. Мекеменин маалыматына караганда, 1997-жылдан бери иштеп келе жаткан башталгыч мектепте жалпысынан 7 гана бала билим алып, 2 мугалим эмгектенүүдө.

Айыл тургандары үчүн оорукана жок, медициналык түйүн, электр жарыгы да жок жашап келишет. Айылды облус менен байланыштырган жалгыз шагыл жол алты ай гана ачык болуп, кышкысын жабылып калат. Кыш мезгилинде тургундар аска боюндагы жалгыз таман жол менен жөө катташат.

«Айла жок, жашоо үчүн, катаал жол менен жөө жүрүүгө аргасыз болобуз. Бул  каттам менен жүрүү өтө кооптуу. Айрым учурларда, жергиликтүү тургундардын өлүмү менен коштолгон кырсыктар да кездешет”, — деп айткан Зардалы айылынын жашоочусу Тойчу Кайымбеков.

Зардалыда мугалимдер, мектеп окуучуларына окуу китептери жетишсиз. Ар бир предмет боюнча бирден гана үлгүдөгү китептер бар. Балдарды ысык тамак менен камсыздоо да толук кандуу уюштурулган эмес. Окуучулар үчүн бир айга 1 баштык (коробка) печенье жана вафли гана берилет. Мектеп бир канча убактан бери директору жок иштеп жатат.

Акыйткачы институту Зардалы эли Билим берүү жана илим министрлигине аталган айылга директорду сынагы жок эле түз дайындап берүү маселесин карап көрүүнү сунуштагагын кабарлады.

2022-жылы  “Кыргыз интернет” фонду мектепке  WiFi роутерин орнотуп, бирок ушул жылдын май айынан тарта жабдыктары иштен чыгып калган. Айылда уюлдук байланыш да жок болгондуктан, тургундар мектептеги WiFi аркылуу интернеттен өлкө жаңылыктарынан кабардар болуп турушкан.

Жергиликтүү тургундар дарыгердин жардамына муктаж болгон учурда чек ара заставасындагы фельдшердик пунктка кайрылышат.

«Тиешелүү мамлекеттик органдар алыскы Зардалы айылынын жашоочуларынын медициналык жардам жана балдардын толук кандуу билим алуу укугун камсыздашы керек. Катаал шарттарда жашаган элдин социалдык көйгөйлөрүн тезинен чечүүгө чакырам», — деди акыйкатчы Жамиля Жаманбаева.

Акыйкатчынын Баткен облусундагы өкүлү мектеп окуучуларына окуу куралдарынан турган белектерди тапшырды. Иш сапардын жыйынтыгы менен бир нече мамлекеттик органдарга Зардалы айылынын тургундарынын укуктарынын сакталышы тууралуу  кат жөнөтүлдү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM