Биз менен байланышыңыз

Ташиев: Коррупция менен кармалгандар сөзсүз түрмөгө отурат

Кыска кабар | 19 Сен 2024 | 129 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанда коррупция кайсы бир деңгээлге азайганын бирок күрөш аягына чыкпай жатканын айтты.

Ал бул тууралуу Баткендин Кадамжай районунда УКМКнын бөлүмдөрүнүн жаңы имаратын ачуу учурунда билдирди.

Ал мыйзамдарга өзгөртүү киргизилип, коррупцияга каршы күрөштү күчөтүлөрүн билдирди. Ага ылайык, коррупция жана кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу менен кармалгандардын жакындары, бала-чакасы, ата-энеси, бир туугандары мамлекеттик кызматка алынбайт.

«Өзүбүздүн арабызды тазалап бүтө албай жатабыз. Үч жылдан бери ушуну менен алектенебиз, түгөнгөн жок, азыркыга чейин токтото албай жатабыз. Кармай беребиз, алар кайра чыгып кетет, ушинтип отуруп, тажап да калдык. Ошондуктан биз мыйзамдарга негизинде өзгөртүү киргизебиз. Бүгүнкү күндөгү акыбалды айтып коеюн. Коррупцияга шектелип кармалган бирөө-жарымды алып келип эки, төрт, алты айга камап тергөө иштерин жасайбыз. Алар “туура ушуну кылдык” деп кылмыш ишин моюнга алышат. Андан кийин тергөө органдары менен кызматташууга барышат. Анын баары мыйзам чегинде. Иш сотко өткөндө сот аларды айып пул менен бошотуп коюп жатат. Айып менен бошогон коррупционер бир же эки жылдан кийин эле кайра мамлекеттик кызматка келип алып мурдагы ишин жасап атат.

Ошондуктан биз мыйзамдарга өзгөртүү киргизебиз. Мындан ары коррупция же башка кылмыш кылгандар тергөө менен кызматташууга барса болот бирок мыйзамда каралган жазанын жок дегенде жарымын түрмөдө өткөрүшү зарыл. Андан сырткары коррупция кылгандар жана кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалангандар сөзсүз абакка түшүшү керек. Эч ким түрмөдөн качып кетпеши керек. Ушундай гана катаал жаза менен коррупцияны токтото алабыз. Пара алуу, пара берүү жана коррупция менен кармалгандар кайра мамлекеттик кызматка келбеши керек. Ошондой эле коррупция жана кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу менен кармалгандардын жакындары, бала-чакасы, ата-энеси, бир туугандары мамлекеттик кызматка алынбашы керек. Коррупционерлер өзүн ойлобосо да жакындарын ойлосун», – деди Камчыбек Ташиев.

Атайын кызматтын төрагасы жемкорлук менен күрөшүүдө ушундай катаал чаралар киргизилерин, моралдык жоопкерчилик күчөтүлөрүн кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM