Жогорку Кеңештин 18-сентябрдагы жыйынында депутаттар авто мектептер жана айдоочулук күбөлүккө байланыштуу бир канча маселени көтөрдү. Анда айрым эл өкүлдөрү авто мектептердин санын азайтып, андагы билим берүүнүн сапатын жакшыртуу керектигин айтышса, кээ бири такси кызматында иштегендерге иш тажрыйбага чек киргизүү керектигин сунуштады. Ошондой эле Армениядан келген унааларды каттоо көйгөйү да көтөрүлүп, калкка унааны каттоого жеңилдиктер каралуусу керектиги айтылды.
АРМЕНИЯДАН КЕЛГЕН УНААЛАРДЫН ТАГДЫРЫ
Эл өкүлү Мирлан Самыйкожо Армениядан келген автоунааларды катоо боюнча маселе көтөрдү. Ал бүгүнкү күндө айрым жарандар оң рулдуу унаа менен иштеп жүргөнүн, бул маселени чечүү керектигине токтолду.
«Демек, Армениянын номери менен машинаны өлкөгө товар катары алып кирүүгө укуктары бар болсо, каттоону да бир карап койсо жакшы болмок. Мисалы Армениянын номери менен келеген унаалар айып аянтчасына киргенде айыппул көбөйүп жатат. Айрым учурда машиналар чыкпай калган учурлар да бар, бул маселени чечүү жолдорун кароо керек. Болгондо да элге жеңилир
ээк кылып чечип берүү зарыл. Мисалы Армениядан алып келген унаа алты миң доллар болсо, аны алып киргенден кийин унаанын жарым акчасына каттоодон өтөсүң десе, эл аны көтөрө албайт. Бул нерсени ачык эле айтуу керек жана элге жеңил кылып чечип берүү зарыл».
Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директордун милдетин аткаруучу Рустам Жокеев аталган маселе боюнча атайын комиссия түзүлгөнүн, жакынкы арада чечилээрин айтты.
«Бул маселе боюнча Министрлер кабинети тарабынан атайын комиссия түзүлгөн. Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалагы атайын рейддерди жүргүзүп, Армениянын номери менен жүргөн оң рулдуу унааларды унаа токтотуучу аянтка киргизип, Армения тарапка кайрылуу жолдоодо. Бирок көпчүлүгүнүн документтери жасалма болуп чыгууда. Армениядан же башка өлкөдөн чынында эле биздин жаранга катталып чыгып, Кыргызстанга документи туура болуп кирген болсо, комиссия карап чыгып жакынкы күндө чечим чыгарат».
ТАКСИ КЫЗМАТЫНДА ИШТӨӨ ҮЧҮН ИШ ТАЖРЫЙБА КЕРЕКПИ?
Дагы бир депутат Чыңгыз Ажибаев көптөгөн жол кырсыктар таксисттердин катышуусунда болуп жатканын жана таксисттерди да көзмөлгө алуу керектигин айтты. Аны менен катар таксист болуп иштейм дегендерге кеминде үч, төрт жылдык тажрыйба болуусу керек деген талап коюну сунуштады.
«Учурда көптөгөн кырсыктар таксисттердин катышуусунда болуп жатат. Мисалы, түнү менен Оштон Бишкекке келсе, кайра эле түндө Бишкектен Ошко чыгып жатат. Айдоочу уктабай, чарчагандыгынын натыйжасында кырсыктар болуп жатат».
- Өлкө боюнча 1 миллион 659 миң транспорт каражаты катталаган.
- Ал эми 2015-жылдан тарта Армениядан жана башка өлкөлөрдөн келген оң рулдуу унааларды каттоого алынган эмес.
- Мамлекеттик номерлерди саттуу мурда 1750 сом болсо, азыркы учурда 1013 сомдон сатылууда.
«АВТОМЕКТЕПТЕРДИН САНЫН АЗАЙТЫП, САПАТЫНА КӨҢҮЛ БУРУУ ЗАРЫЛ»
Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиеванын айтымында, айдоочулук күбөлүк алуу үчүн сынак тапшыргандардын көпчүлүк пайызы сынактан өтө албай жатат. Ал автомектептердин санын азайтып, лицензия берүүнү татаалдатып, сапатка өтүү керек деген сунушун айтты.
«Авто мектептерге лицензия берүүнү токтотуп, татаалдатуу керек. Анткени айдоочулук күбөлүк алуу үчүн сынак тапшыргандардан 90%зы сынактан өтө албай калат экен. Бул авто мектептердеги билим сапатынын начардыгынан кабар берет. Биз авто мектептердин санын азайтып, сапатка өтүүбүз керек. Мамлекеттик авто мектеп күчтүү болуп, талаптар да катуу болуусу зарыл. Мунун натыйжасында авто кырсыктардын саны да өсүүдө, канчалаган жарандарыбыз мүрт кетип жатат».
Бүгүнкү күндө өлкө боюнча авто канча авто мектеп бар?
- Жалпы 328 авто мектеп бар,
- Жеке менчик 255 авто мектеп бар,
- Мамлекеттик 73 авто мектеп бар.
- 2022-жылы 69 авто мектепке лицензия берилген.
- 2023-жылы 152 авто мектепке лицензия берилген.
Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматы боюнча: жеке менчик авто мектептердин рейтинги мамлекеттик авто мектептерге караганда жогору.
Себеби мамлекеттик автомектептерде техникалык каражаттар жана октуучулардын курамын кароо керектигин Министрлер кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директордун милдетин аткаруучу Рустам Жокев айтты.
Ошондой эле жыйында Бишкек шаарында скутер, мотоцикл жана самокаттын катышуусунда да авто кырсыктар байма-бай катталып жатканын, айрым учурда адам өмүрү кыйылып жатканы айтылды.
Расмий маалымат боюнча Кыргызстанда жарым жылда 3060тай жол кырсыгы катталып, 280 адам каза болгон.
2024-жылы жол кырсыктары былтыркы жылдын алты айына салыштырганда 8% аз катталганын, каза болгондордун саны 6,7 пайызга азайганын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирген. Кырсыктан жалпысынан 4,5 миңге жакын адам ар түрдүү жараат алган.
Жарым жылда жол эрежелерин бузгандардан 278 млн 285 миң сомдон ашуун каражат түшкөн.