Биз менен байланышыңыз

Бишкекте унаа токтотуучу жайлар боюнча жаңы ишкана ачылды

Кыска кабар , Пикирлер | 11 Янв 2019 | 843 | 0

Бишкек шаарында унаа токтотуучу жайлар боюнча жаңы ишкана ачылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын аппаратынын жетекчиси Балбак Түлөбаев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, учурда жаңы ачылган ишкана Юстиция министрлигинен каттоодон өтүп жатат. Юридикалык маселелер бүтсө, мекеме ишке кирет.

«Биз ар бир көчөнүн унаа токтотуучу жайларын калыбына келтирип, андан түшкөн каражат шаардын бюджетине түшө тургандай кылабыз. Бул иште шаарды төрткө бөлдүк. Унаа токтоочу жайлардын да баалары аныкталган. Шопоков көчөсүндөгү унаа токтотуучу жай жеке жактарга берилип калган. Азыр алар менен соттошуп жатабыз. Башка эч бир жерде унаа токтотуучу жай үчүн акча төлөбөйсүңөр. Төлөсөңөр мыйзамсыз болуп калат», — дейт Түлөбаев.

Copyright © 2017 Maral FM