Биз менен байланышыңыз

Украин чиркөөсү Москвадан бөлүндү

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Янв 2019 | 820 | 0

6-январда Украинанын Провослав чиркөөсү Москва патриархынан бөлүнүп, эгемендик (автокефалия) алды. Эгемендүүлүгүн тастыктаган документ-Томосту тапшыруу аземи Стамбулдагы Бүткүл дүйнөлүк провослав чиркөөлөрүн борбору болгон Ыйык Георгий чиркөөсүндө өттү. Аны бүткүл дүйнөлүк провослав патриархы Варфломей Украинанын жаңы патриархы Епифанийге тапшырды. Бул дүйнө жүзү боюнча 15-өз алдынча патриархия болуп калды.

Салтанаттуу иш чарага Украинанын президенти Петр Порошенко, өкмөт мүчөлөрү, Раданын депутаттары жана ондогон дин кызматкерлери менен жуздөгөн украиналыктар катышышты. Бул окуя украин чиркөөсүнүн эгемендиги гана болбостон, Украинанын Орусиядан дагы бир жолу узактап, анын таасиринен чыккандыгы экенин белгиледи президент Порошенко.

Ал эми Орусия тарап бул чечимдин негизсиз экенин айтып, нааразылык билдиришүүдө. Ошентип 2014-жылы Крымдын Орусияга өтүүсүнөн бери уланып келе жаткан Орусия-Украина кагылышы эки тараптын 330жылдан берки дин биримдигин да бузду.

Ал арада,  Украинанын жаңы чиркөө башчысы кызматка киришүү антын берип, Киевде Рождествого арналган алгачкы баянын жасады. Украинада 30 миллиондой киши бул чиркөөгө карайт. Ал баш ийген Провослав чиркөөсү мүчөлөрүнүн саны боюнча дүйнөдө экинчи орунда турат. 300 миллионго чукул келүүчүсү бар. Жалпысынан 15 өз алдынча чиркөө, 131 архиерия, 63 епархия жана 5935 дин кызматкери бар.

Copyright © 2017 Maral FM