Биз менен байланышыңыз

Доллар, рубль арзандады. Валюталар курсу тууралуу маалымат

Кыска кабар | 20 Сен 2024 | 115 | 0

20-сентябрдагы маалыматка караганда АКШ доллары, орус рублинин, теңгенин расмий курсу төмөндөп, евро бир аз жогорулаганы байкалды.

Учурда Бишкектеги акча алмаштыруучу жайларда бир доллар орто эсеп менен 84,23 сомдон сатып алынып, 84,71 сомдон сатылууда. Улуттук банктын расмий курсу 84,27 сом деп белгиленген. Акыркы суткада 0,09 пайызга төмөндөө байкалды.

Евронун курсу сомго карата 0, 11 пайыз кымбаттады. Учурда орто эсеп менен бир евро 93,09 сомдон сатылып алынып, 94,06 сомдон сатылууда. Расмий курс 94,07 сом.

Рубль 0,10 пайызга арзандап, 0,912-0,937 сомдон сатылууда. Улуттук банктын курсу 0,9119 сомду түздү.

Бир казак теңгесинин курсу төмөндөп, 0,1216-0,1901 сомдон сатылууда. Расмий курс – 0,1760 сом (төмөндөө – 0,10 пайыз).

Copyright © 2017 Maral FM