Биз менен байланышыңыз

Мажарстанда жумушсуз калган 200 кыргызстандыктын маселеси кандай чечилди?

Кыска кабар | 19 Сен 2024 | 75 | 0

Жыл сайын Кыргызстандан Мажарстанга иштөө максатында жүздөгөн жаран барат. Ушул жылдын башында ар кандай себептерден улам бир учурда 200гө чукул жаран жумушсуз калган.

Кыргызстандын Мажарстандагы элчиси Талантбек Кушчубеков бул маселе чечилгенин, жумушсуз калган кыргызстандыктарды жумуш менен камсыздаганын «Маралга» билдирди.

«Жыл  башында 200гө чукул кыргызстандык жаран бир учурда жумушсуз калды. Заводдор бир ай, бир жума иштегенден кийин кетирип жатты. Жапырт жумушсуз калган учур биринчи жолу катталды. Ага чейин онго чукул адам катталчу. Биздин жарандар иштеген заводдор жеке менчик болгондуктан алар рынокту карайт экен. Алардын товары сатылбай калган учурда жумушчуларды кыскартып коюшат экен. Бул маселе элчиликтин көзөмөлүндө болуп, эки тарап менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаттык. Айрымдары, 30га чукул киши кайра Кыргызстанга кайтты, ал эми калганына акырындык менен жумуш таап бердик».

Кыргызстандан жүздөгөн жаран компаниялар аркылуу Венгрияга жана башка өлкөлөргө иштөө максатында барышат.

Кыргызстан менен Мажарстандын ортосунда дипломатиялык мамилелер 1991-жылы түзүлгөн. Бул өлкөнүн элчилиги Бишкекте 2020-жылы февраль айында ачылган. Эки өлкө негизинен айыл чарба, фармацевтика тармактарында кызматташат. Жүздөгөн кыргызстандык студенттер Мажарстандын жогорку окуу жайларында квоталык негизде билим алышат. 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM