Биз менен байланышыңыз

Сурабалдиева: Дыйканбаев коркутканда кыйын болсо, жоопкерчиликтен качпашы керек

Пикирлер | 24 Дек 2018 | 1179 | 1

Президенттин парламенттеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев өлкө башчынын аброюну шек келтирип, системаны бузуп жатат. Мындай адамдар президенттин өкүлү болуп иштебеши керек. Бул оюн Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, парламентте президентти уят кылбай турган өкүл иштеши керек.

«Дыйканбаевдин мага кыйкырууга моралдык укугу жок болчу. Өткөн жума кесиптештерим Жанар Акев, Айсулуу Мамашева жана Курманбек Дыйканбаев төртөөбүз жолуктук. Дыйканбаев үнүн көтөрүп кыйкырып, ачык эле коркутту. Унчукпай отуруп калдык. Анализдесем, айрым маселелерди чыгарбай койгула деп чалган учурлары болгон экен. Мага кыйкырса өзүмдү байкуштай сездим. Эл шайлаган депутатка ушундай мамиле кылса, анда жарандардын катып президентке кандай жеткирип жатат?» — дейт Сурабалдиева.

Ал Дыйканбаевдин коркутуусунан улам стресске кабылганын, натыйжада парламенттин 80 жылдык маарекесине бара албай калганын белгиледи.

Мындан сырткары жакындарын Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы сыяктуу бир топ структуралар коркутуп жатканын айтты.

«Менин туугандарым иштеген бизнеске барып, «эжекеңерге айтып койгула» дептир. Алар мага чалып, «Эмнеге эле ак карга болуп жатасын?» — дешти. Бирок коррупциялык иштерди билип туруп унчукпай коюу туура эмес. Мен Дыйканбаев менен сүйлөшкүм келген жок. Жакында кырк жашка чыктым. Тамаша менен коркутуунун айрымасын билем. Ал коркутканда кыйын болсо, эми жоопкерчиликке келдгенде качпашы керек. Менин бул кадамдарымды «өзүн пиар кылып жатат» дегендерге айтарым, өзүмдү пиар кылууга үй-бүлөмдүн каражаты жетиштүү» , — дейт эл өкүлү.

Сурабалдиева буга кошумча, Жогорку Кеңеште башка депутаттар дагы Дыйканбаевдин бийлигинин астында калганын, бирок аны ачыкка чыгарбай келишкенин билдирди.

«Дыйканбаев менин апам менен тааныш. Азыр жакшы мамилдеги кишисин коркутса, анда башка депутаттарга кандай мамиле кылат? Мындай адамдар системаны уят кылууда», — дейт депутат.

Эскерте кетсек, Сурабалдиева өткөн аптада комитет жыйынында бизнеске коркутуулар болуп жатканын ачык айткан. Мындан улам эл өкүлүнө коркутуулар башталганын социалдык тармактардагы баракчасына жазып чыккан. Ал эми Дыйканбаев айтылгандарды четке кагып, Сурабалдиевага коркутуулар болсо, жанында болорун билдирген.

1 пикир

1 пикир

  1. Э. А.

    26.12.2018 09:40

    Дыйканбаев, коркутса силердей байкуш депутаттарды коркутаар. А мен үчүн бул эч ким эмес. Элди коркута албайт мындайлар.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM