“Марал” радиосунун “Талаш талкуу” программасында «Мамлкеттик сыйлык, наамдын кереги барбы же жокпу?» деген суроонун алкагында угармандардын пикирин угуп көрдүк. Берүүнү Мирлан Самыйкожо алып барды.
Бизге байланышкан угармандардын дээрлик көпчүлүгү мамлекттик сыйлыктар берилиши керектигин, бирок татыктууларды тандоо зарыл экенин белгилешти. Төмөндө айрым угармандардын ою менен бөлүштүк.
Гуля:
— Эки жыл иштеп, 4 чыгарма аткарган артисттерге мамлекеттик наамдар берилип жатат. Филармониянын кызматкерлери 15 жылдан бери иштеп келсе да аларга эч нерсе жок.
Эл артисти Курмангазы Азыкбаев:
— Айрымдар чыгармачылыкка кечээ келсе да дароо кыргызды таанытууда. Сыйлыктарды тапшырууда Ак үй Маданият министрлигине басым жасап жатат. «Биздин райондо эч ким албаптыр, ушуга наам берип кой» дешет. Мамлекеттик наам берилгени менен бизге эч кандай жеңилдик жок же пенсияга кошулбайт. Сыйлыктар пайда бербей жатат. Наам алган соң чалкалап жатпай, чыгармачылык денгээлин өстүрүп, эл-жерге кызмат кылуу зарыл. Мен өзүм алган наамга татыктуумун. Артымда из калтыруу максатында шакирттерди тарбиялап келе жатам. Алардын арасында сыйлык алгандар болду. Мамлекеттик сыйлык, наамдын кереги бар. Бирок жеңилдик берилиши керек. Оркестрда отургандар канча жылдан бери иштесе да аларга наам берилген эмес. Ошол эле учурда алар да эски чыгармалыранды аткарбай заманга жараша өзгөртүп турушу зарыл. Текеберчилик кылып «мен Эл артистимин» деп жүрө бергендер бар. Шакирттериң сенден кыйын чыкса мына ошондо наамга татактуу болосуң. Сыйлык алгандарды көзөмөлдөп туруу зарыл.
Алинур:
— Сыйлык адамга шык берет. Андыктан мамлекеттик сыйлыктар керек. Наамдарга даражасына жараша жеңилдик берилиши зарыл.
Сырга:
— Мамлекеттик сыйлык эл сыйлаган адамдага берилиши керек.
Рысбек:
— Мамлекеттик наамдарды бериш керек. Бирок кимдер алышы керек экени билинбейт. Комиссия үстүртөн карап жатат. Сыйлыктар да тааныштар аркылуу берилет. Бизде сыйлык ала албаган мыкты адамдар көп. Наамдар татыктуу эмес адамдарга берип жатат. Негизи сыйлыкты аткаруучуга эмес, чыгарманын авторуна бериш керек. Алсак, ырдын сөзүн жана обонун жазгандарга. Ошол эле учурда наамды алган менен эч кандай пайдасы болбой жатат. Азыр Манданият министрлигинде таанышы бар адамдар сыйлык алууда.
Төрөкан:
— Мамлекеттик сыйлык берилиши керек. Элге өзүнүн жакшы жактыран көрсөткөндөгө, эл аралык конкурстарга катышып утуп келгендер наам алышы зарыл.
Курманбек:
— Мамлекеттик сыйлыктар берелиши керек. Кечээ келип эле ырдагандар бар. Бир желекти желбиретип койсо да сыйлык берип жатышат. Бул туура эмес. Сыйлыкка элге эмгеги сиңген адамдар татыктуу.
Урагман:
— Абдылда Иманкуловго Эл артисти наамын ыйгарыш керек. Мамлекеттик сыйлыкты татыктуу кишилерге берүү зарыл.
Салтанат:
— Акыркы жылдары байкап жатам, жаш ырчылардын бир эки чыгармасы хит болсо, чет өлкөдө конкурстардан утуп келсе эле мамлекеттик сыйлык берилүүдө. Эгер азыркыдай шартта берилчү болсо мамлекттик сыйлыктын кереги жок. Азыр мамлекттик наамдардын деңгээли түшүп кетти. Улуулар ала албай кечээки жаш артисттер сыйлык алып жатса күлкүң келет.
Whatsapp:
— Мен Екатеринбург шаарынан байланышып жатам. Сыйлык берилиши керек. Анткени чыгармачыл адамдарга шык болот. Бирок азыр коррупциялашып кетип туура эмес адамдарга берилип калганы талаш жаратат.
— Наамдар тааныш, акчасы бар адамдарга берилип келе жатат. Ал эми таанышы жоктор элдин оозунда айтылып эле келет.
— Совет учурунда мамлекеттик сыйлыкка жетиш үчүн 10 жылдан ашык эмгек кылышкан. Анда да эл баалаган, элге кызмат кылгандар тандалып алынган. Ал эми азыр акчаң болсо бересиң да мамлекеттик наам алсаң болот.
— Жакшы тема. Бирок сыйлыктардын татыксыз адамдарга берилип калганы дагы бар. Ушул жагын жакшылап карасаңар. Бул жерде тааныштар аркылуу эле алып алгандары да бар, кайда болбосун коррупция. Маңдай тер, эмгек деген нерсе да бар. Мээнет кылган адамдарга берсе жакшы болот!
— Наам кимдерге берилишин эл тандаса… Жаштар аракет кылып жатат. Татыктуулар сыйлык ала албай жүрөт.
Мамекеттик сыйлыктар боюнча сектордун мурунку башчысы Муктазар Өзүбеков:
— Мамлекттик сыйлыктын кереги бар. Бирок калыстык менен берилиши зарыл. Мамлекттик сыйлык алууга кимдер гана киришпейт… Жогорку жактан тарта жеке ишканалар, 3-4 топтор да суранышат. Анын баарын кароо Маданият министрлигине кыйын болот. Мамлекеттик наам алуу үчүн жылына миңге жакын сунуш түшөт. Бир сыйлык алган адам экинчи наамды алууну самайт. Бирок ошол жерде бир тактык керек. Сыйлыктын артынан түшүп кууп алгандар да бар. Алар сыйлыктан санын көбөйтүп, кийинкилердин жолун торойт. «КР Эмгек сиңирген артисти» наамын эмгегине жараша бериш керек. Бир эле эмгеги үчүн бир канча сыйлык алгандар бар. Бул мыйзамга туура келбейт. Бир чыгарма 4 жолу бааланып калган учурлар болууда. Сыйлыктар мамлекеттик ишканаларда иштегендерге берелиши керек. Айрымдар «фонддо отургандарга бергиле, болбосо силерди талкалайбыз» дейт. Маданият министрлиги мамлекттик сыйлыктарды чечпейт. Электен өткөргөн комиссия коллегия мүчөлөрү болот. Министр алмашкан сайын коллегия мүчөлөрү да жаңыланат. Коллегия 17 мүчөдөн турат. Ар бири өзүнүн пикирин билдире алат. Сыйлык алуучулар кандай жол менен болсо да 17 кишиге да байланышат. Мамлекеттик сыйлыкка талапкерлердин саны көп.