Соңку жылдары маданият кызматкерлерине берилген наамдар коомчулуктун кызуу талкуусуна алынып, түрдүү сын-пикирлерди жаратып келет. Калктын катуу сынына кабылган наамдар жөнүндө маданият өкүлдөрү эмне дейт?
Райхан Абдувалиева, ырчы
— Мен эки жолу документ тапшыргам, экөөндө тең акча сурады. Мен ушунча жыл комузумду, гитарамды көтөрүп кызмат кылып, Сагынбек Момбеков экөөбүз Өкмөткө канча жолу акча түшүргөнбүз. Анан эмне үчүн өзүмдүн эмгегимди акчага сатып алышым керек? Ишкерликте жүргөм, акчам бар эле болчу, бирок намыс үчүн баш тарткам. Өткөндө эле аймактарды кыдырып, айылдагы маданият үйлөрдүн абалы өтө начар, каралбай калганына күбө болдук. Керек болсо «Маданияттын мыкты кызматкери» деген наамды 10-15 миң сомдон алса болот деп угуп жатам. Бул наамды Сагын Ниязалиева мага мурда телевидениенин атынан жаздырып берген. Бирок концерт, иш-чараларда: «Алган наамды айтпай эле койгула», — деп эскертип келем. Мына, 50 жаштан ашып калдым, мен үчүн чоң эле таарыныч. Себеби, консерваторияны бүткөм, жандуу ырдайм, музыкалык эки дипломум бар.
Адылбек Кыязов, обончу, аткаруучу
— Жыйырма жолу документ жөнөтүлдү. Бирок жыйынтык жок. Мен ал жактагы коррупцияны жакшы билем. Бир жолу сыйлык берилүүчү бөлүмдүн кыздары: «Акча бере салыңыз, 20 миң сом берсеңиз эле «Эмгек сиңирген артисти» наамын, 40 миң сом берсеңиз «Эл артисти» наамын алып беребиз», — деп келишкен. Чыгармачылыкта 1976-жылдан бери жүрөм. Дээрлик 40 жыл аралыгында ырларды, обондорду жаратып келем. Бардык ырларым ырдалып жүрөт. «Ай, эркем», «Гүлмира», «Алтынай» деген ырлар баары популярдуу болду. Андан кийинки эле «Өмүр термеси», «Кел, жигиттер, кел, кыздар», «Достор» деген ырларым ырдалып жүрөт. Министрлик жумуш жасабай туруп, айлык ала бербей, аймактарды кыдырып, жакшылап иштеши керек да. Чындап алганда, чыныгы маданияттын кызматкерлери наам албай жатпайбы?! Тойдо ырдап жүргөндөр алышып, өмүр бою чыгармачылыкта иштеп жүргөндөр унутта калды. Унчукпай, талпынбай жүргөн кишилерге берилбейт турбайбы?! Кечээ эле чыга калгандарга берилип, акчасы барлар эле наам алып жатышат. Мен адамдардын жүрөгүндө эле калсам болду.
Гүлзат Байзакова, ырчы
— Нотаны билбей туруп эле, наам алып алгандарды укканда, көтөрүп эле жерге чапкың келет! Негизи, көбү тааныш аркылуу алат. Таанышы жоктор акча берип алат, убагында менден да акча сурагандар болгон. Ошондо: «Акча берип наам албай эле койдум», — дегем. Эми ар кимдин багынан болсо керек да, мен өзүм наамга деле жан талашпайм. Себеби мага чейин бүт өмүрүн музыкага арнаган канчалаган ага-эжелер эч кандай наам албай жүрүшөт.
Кутман Жолдошев, ырчы
— Биринчиден, аябай тааныш-билиш болуп кетти. Мындан тышкары бийлик тарабынан жаш ырчыларды колдогон аткаминерлер болду. Ошол себептен жаштар көбүрөөк наам алып кетишти. А бул жактагы улуу муундагылар, 30-40 жыл баш-оту менен чыгармачылыкта иштеген инсандар сыйланбай калып жатат. Менден негизи акча сураган эмес, бирок «Ак үйдө таанышың болушу керек», — деп айтышкан Жогорку Кеңештен. Ал жакта деле тааныштарым Кудайга шүгүр. Бирок, өзүмдүн эмгегимди бирөөгө барып алгым келген жок.
Исирадин Аманбаев, КР эмгек сиңирген артисти, композитор
— Мен «Эмгек сиңирген артист» наамын 2001-жылы алгам. Туура 20 жыл мурун, ушул жыл ичинде канчалаган эмгектерим чыкты. Эгерде мыйзам боюнча алсак, 5 жыл ичинде эмгектеримди карап, мага «Эл артисти» наамын бериш керек болчу. Бирок азыркыга чейин бериле элек. Билишимче, президенттер тарабынан берилбей келет. Мисалы, акыркы гана окуяны айтайын, бардык комиссиядан өтүп, ажонун колуна жеткенде, Жээнбеков Сооронбай Шарипович алдырып коюптур. Бирок, себебин билбейм, угушума караганда «шайлоо бүтсүн, болбосо жердешине берди деп айтат» деген шылтоо менен алдырып коюптур. Документтер ошол жакта эле. «Азыркы бийлик чындап чындык үчүн иштесе берет го?» — деп олтурам. Азыркы жаштар наамдарын эрте алып, ошол наамдын атын булгап, кадырын билбей жатат.
Борончу Кудайбергенов, куудул
— Эми наамдар көпчүлүк учурда өкмөттө иштегендерге берилип калат. Биз болсо өзүнчө бир мекемеде иштебестен, коммерциялык багытта эмгектенип келе жатабыз да, бир себеби ушул болушу мүмкүн. Анан улуу муунга берилбей, жаштарга берилип жатканын, ошол Маданият министрлигиндеги комиссиянын адамгерчилигине жана калыстыгына байланыштуу деп койсок болот. Наамдын өзү деле айтып жатпайбы «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» деп. Демек, эмгек сиңирип, көп жыл иштеши керек. Анан чет жактарга чыгып, жаш болсо да, өлкөнү таанытып жүргөн болсо, башка критерийлер менен баалап койсо болот. Азыр жаштар наамдарды алып алган, анан концерттеби же тойдобу, «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» деп чакырсаң, өздөрү: «Байке, ушуну айтпай эле коюңузчу», — дейт. Себеби өзү деле ички дүйнөсүндө уялып жатат да. Анан калса, эл да: «Жашабай жатып ушуга берип коюптур, таанышы бар да», — деп айтып чыгат. Ошол себептен мисалы, «отуз жылдан кийин же жыйырма жылдан кийин наамга каралат» деген критерий болсо, калыстык үчүн жакшы болмок, бизде калыстык жок. Эгер мен Маданият министри болуп иштеген болсом, канчалаган улуу инсандарыбыз бар, ошолорго берип, жаштардыкын кичине токтотуп турат элем. Себеп дегенде, наам үчүн өйдө-ылдый болуп калат экен. Бирөөлөр наам бербей койсо, «Эмгегимди баалабай койду», — деп жабыр тартып, ден соолугунан зыян тартып калышат экен. Ошондуктан эл өзү эле баалап койсо, ошол деле болот деп ойлойм. Анан азыркы наам алып жаткан жаштарыбыз маданиятта жүргөндөн кийин, өздөрү деле «кой, бизден улуулар бар» деп койбостон, керек болсо акчасын бере салып, наам алгандарын чала-була угуп жүрөбүз. Мисалы, мага наам Жамбыл Камчиевден биринчи берилсе, «Туура эмес болуп калды», — демекмин. Абдылда Иманкулов деле кечээ жакында алды, аябай сүйүндүм, кара далы кызым күйөөгө тийгендей эле болуп (күлүп). Биздин бири-бирибизге болгон сый-урматыбыз жок болуп калган, ошол себептен ушундай болуп жатат.
Айнаш Аширова, үн коштоочу, режиссер
— Маданият тармагы унутулуп бараткансыйт. Бул тарапта кызматта жүргөндөр деле жакшы билишет. Эми азыр бир аз болсо да, ичинен электен өтүп, эленип атат. Мурда «таанышың бар танкасың, таанышы жок маңкасың» болуп келген. Акыйкаттык болушу керек да. Бир топ жылдан бери унчукпай келгем. Буга чейин бир-эки ыры менен чыккандар «эмгек сиңирген артист» наамын алышкан. Башына келген дөөлөттү көтөрө албай калгандары да бар. Көп жылдан бери иштеп, бирок эч кандай наам албай жүргөндөр толтура. Алардын катарында мына мен да бармын. Кыргызстанда 30 жылдан бери балдар менен үн коштоо боюнча иштеп келген мен эле болушум керек. Буга чейин «эмгегим элге сиңбей атса керек» деген ойдо келгем. Бирок, азыр күйөрмандарым жана талантымды сыйлап, урматтаган эл бар экендиги — мен үчүн чоң наам.