Биз менен байланышыңыз

Ачык аянттардан чыккан өрттүн саны 69 пайызга көбөйдү

Кыска кабар | 18 Мар 2019 | 518 | 0

Ушул жылдын 1-мартынан тарта бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 225 өрт катталса, анын 106сы ачык аянттардагы кургак чөп жана таштандылардан болгон. Бул тууралуу Өрттү өчүрүү  жана алдын алуу башкармалыгынын башчысы майор Равшанбек Аширбеков билдирди.

2018-жылга салыштырмалуу ушул аралыкта ачык аянттар жана таштандылардан чыккан өрттүн саны 32 ге жетип, 69,8 пайызга көбөйгөн. Өрттүн себептери  көбүнчө жарандар тарабынан короо–жайларды   жана эгин талааларды тазалоодо отко этиятсыз мамиледен чыгууда.

Ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар министирлиги ачык аянттагы өрттүн чыгышынын алдын алуу үчүн төмөнкү өрт коопсуздук эрежелерин сактоону эскертет:

—  тамекинин калдыктарын жана ширенкелерди таштабоо;

—  өрткө кооптуу учурда кароосуз от жакпоо жана калдыктарды өрттөбөө;

—  токой, тоо шарттарында эс алуу учурунда өрт коопсуздук эрежелерин сактап, тамекини таштабоо, чокторду өчүрүү;

—  айнектин сыныктарын жана бөтөлкөлөрдү калтырбоо,  себеби күндүн нурлары менен чагылышып, өрттүн булагы болушу мүмкүн.

 

Copyright © 2017 Maral FM