Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков ШКУнун жаңы Башкы катчысын кабыл алды

Кыска кабар | 7 Фев 2019 | 494 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-февралда, Шанхай кызматташуу уюмунун Башкы катчысы Владимир Норовду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы Владимир Норовду ШКУнун Башкы катчысынын кызматына дайындалышы менен куттуктап, анын жооптуу ишмердигине ийгиликтерди каалады.

Президент 18 жылдык ишмердигинде Уюм абройлуу эл аралык уюмдардын арасында татыктуу орунга ээ болгонун, коопсуздук жана мамлекеттер аралык мамилелердин туруктуу өнүгүүсүн камсыздоонун маанилүү фактору болуп калганын белгиледи.

Ал белгилегендей, кыргыз тарап ШКУ төрагалыгы алкагында активдүү иш аткарууда, сүйлөшүүлөр жүрдү, көптөгөн тиешелүү структуралар менен маселелер талкууланды.

«Бишкекте июнь айында өтө турчу ШКУга мүчө мамлекет башчыларынын Саммиттин өткөрүүгө даярданабыз. Бүгүнкү күндө ШКУга мүчө мамлекет башчыларынын отурумунда кол коюуга пландалган жыйынтыктоочу документтер иштелип жатат.  Саммитте  чоң ийгиликтерге жетишебиз жана бул иш-чараны жогорку деңгээлде өткөрөбүз деп ишенем», — деди өлкө башчысы.

Ал эми уюмдун Башкы катчысы Владимир Норов анын Башкы катчы катары биринчи сапары бул жылы ШКУда төрагалык кылган Кыргызстанга болуп жатканын символикалуу деп белгиледи.

« Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри жана Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы, жаштар кеңешинин жетекчиси жана ШКУнун ишкердик кеңеши менен жемиштүү жолугушуулар өттү. Бул жолугушууларда биз Саммитке чейин чечиле турчу маселелердин бардыгын кеңири талкууладык. Баарынан мурда – бул даярдала турган документтердин пакети», — деп белгиледи Владимир Норов.

Президент Сооронбай Жээнбеков жана Владимир Норов саясат, коопсуздук, маданий жана гуманитардык байланыштар жаатындагы кызматташуу менен катар ШКУнун алкагында экономикалык потенциалды активдештирүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Copyright © 2017 Maral FM