Шашылыш кабар:

Абдалиева: Үркүндөн кийин Кытайдан кайткан 50 миңдей кыргыз жок кылынган

Абдалиева: Үркүндөн кийин Кытайдан кайткан 50 миңдей кыргыз жок кылынган
Билим жана Маданият
0

“Эсимде” программасында тарыхчы, изилдөөчө Гүлзада Абдалиева менен тарыхый, мадания, социалдык эс тутум боюнча маек курдук.

— Үркүнгө байланыштуу окуялар сиздин изилдөө темаларыңызга кирет экен. Негизи 1916-жылдагы көтөрүлүштүн себептери ар кандай деп айтылып жүрөт. Тарыхчы катары сиз кандай баа бересиз?

— Көтөрүлүштүн себептерин Кыргызстандын тарыхынын түпкүрүнөн изилдешибиз керек. Биз СССР убагында Жети-Суу облусуна кошулганбыз. Ошол мезгилден баштап оторчулар келе баштаган. Өлкөнүн түндүк тарабындагы эгин айдоого ыңгайлуу жерлердин барын, айрыкча Пишпек жана Пржевальский уезди сыяктуу жерлер оторчуларга бериле баштаган. Жергиликтүү калктан жерин ижарага алып, акча төлөп турушкан. Оторчударды жайгаштыруу боюнча комиссиянын отчетун карасак, кыргыздар көчмөн эл болгондуктан аларды тоого сүрүп салуу керектиги тууралуу ачык жазылган. Бул боюнча архивдик материалдар бар. Демек,  жерлердин кыргыздардын алынышы эң чоң биринчи маселе. Аны Жусуп Абдрахманов дагы өз эмгегинде жазып кеткен. Салыктын түрлөрүнүн көбөйүп, анын негизинде 1914-15-жылдары кыргыздардын Кытайга болгон эмиграциясы башталган. Бул боюнча биздин борбордук архивде дагы материалдар бар. Экспедициянын негизинде жыйналган материалдар дагы тастыктап берди. Демек, ошол мезгилде эле чоң толкун башталган. 1916-жылы тылдык жумушка тартуу боюнча падышанын указы Кытайга качууга шылтоо болгон.

— Бул чындыгында көтөрүлүш болгонбу? Себеби жакын арада “биз көтөрүлө алган жокпуз, үркүп качып кетпедикпи” деген пикир айтылды…

— Тарыхчы катары мындай пикирге каршымын. Анкени азыр эле изилдеп мындай жыйынтыкка келип калган жокпуз. Буга чейин эле изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Жусуп Абдрахманов бул жөнүндө материалдарын жазган. Бул окуя чындыгында көтөрүлүш болгон. “Үркүн” деген атты эл берди, бул качкындарды элестетүү үчүн айтылган. Андан ардануу негизсиз деп эсептейм.

— Үркүндө инсандар абдан кыйналып, көпчүлүгү жолдо каза тапты. Мекенге кайтаарга токтолсоңуз. Кандай процесстер болгон? Бир апа “орустар келип, кытайлар менен сүйлөшүп, “менин элимди бер деп, паспорт берип алып кеткен” дегени кызык болду… Негизи кандай болгон?

— Көтөрүлүш болуп, эл кытайга качты. Андан соң Февраль революциясы жеңди. Ыңкылаптан соң убактылуу өкмөт түзүлүп, качкындарды өз мекенине кайтаруу боюнча жакшы иштер жүргүзүлгөн. Согуш болуп жатса дагы казынадан акча бөлдүрүп, Кытайга качкандарды кайтаруу маселесин көтөрүп чыгышкан. Атайын пункттарды ачышкан. Нарын, Ысык-Көл аймагында пункт түзүлгөн. Бул жайларда Кытайдан качып келгендерди тамак-аш, бут кийим менен камсыз кылып, убактылуу багып турушкан. Бирок ошондой болсо да кемчиликтер сөзсүз турдө кетирилген. Анткени кыргыздарды тоолуу жерлерге сүрүп салуу долбоору каралып, кабыл алынган. Жакында эле Алмата шаарында Казакстандын борбордук архивине барып келдим. Ал жерден да бир топ материалдар табылды. Эгер буга чейин ошол долбоорду биле турган болсок, Алматада табылган материалдар боюнча генерал-губернатор А.Н. Куропаткиндин Пржевальский уъездине кыргыздарды киргизбөө тууратуу указы табылды. Убактылуу өкмөт дагы ушундай эле саясатты жүргүзгөн. Алар Пишпек менен Пржевальский уездине качкындарды киргизбөөнү сунуштап турушкан. Орус дыйкандары же оторчулар менен кайрадан кан төгүү болбосун деген шылтоону коюп, качкындарды Нарынга жайгаштырышкан.

Казынадан бөлүнгөн каражат оторчуларга көбүрөөк, ал эми жергиликтүү калка аз берилген. СССР орногон соң эмиграция боюнча иш-чараларды жүргүзүп, Шабдандын балдарын кайра тарта баштаган. Анткени алар Кытайда жүрүп калган. Барып изилдөө жүргүзүп, кыргыздардын барын кайра кайтарууну талап кылышкан. Бирок ошого карабай айрымдары келүүнү каалаган эмес. Совет өкмөтү Кытайга качкандарды үч категорияга бөлгөн. Мисалы, жаркыр болуп, ал жерде жалданып иштеп калгандар болгон. Совет бийлиги жаңы орногонуна карабастан аларды сатып алуу боюнча акча бөлүп берген. Бирок ага карабастан Кытайда кала беришкен. Алар Кыргызстанга келсишсе кайра куугунтукка кабылуудан коркушкан. Себеби чындыгында ошондой куугунтукка туш келген. Убактылуу өкмөттө дагы архивдик материалдар бар. С.Каралаевдин, Ы.Абдрахмановдун эскерүүлөрүндө айтылгандай, мекенине келген кыргыздардын бир тобун өлтүруп салышкан. Бул боюнча Б.Солтоноевдин китебинде келген кыргыздарды кырып жок кылганы тууралуу баяндалат. 50 миңдей кыргыз каза тапкан. Ошондуктан жанын сактап калуу максатында Кытайда калып калгандар да болгон. Совет бийлиги 1924-жылга чейин активдүү кийлигишкен. 1934-жылы пасспорттук система киргизилип, чек ара тосулган. 1955-1962-жылдар аралыгында кайрадан экинчи эмиграция башталган. Советтик аскерлер барып, атайын сүрөткө тартып, паспорт алгандардын барын кайра Совет бийлигинин аймагына өткөргөн. Китептерде алардын саны боюнча так маалымат бар.

— Балбал таштары тууралуу суроо узатсам. Мисалы, менинче бул ишти көтөрүп чыгып, митинг уюштуруунун дагы пайдасы жок. Анткени эл кайдыгер болуп баштады. Мындай учурда биз кандай кадамдарга барышыбыз керек?

— Биздин тарыхты, кыргыздын басып өткөн жолун чагылдырган күзгү – тарых музейибиз. Бул музейде терс көрүнүштөрдүн болуп жатканы чындыгында ар бир атуулдан көйгөйү деп эсептейм. Кыргыздар байыртан тарта ата-бабалардын ыйык нерселерин көздүн карегиндей сактап келишкени үчүн бизге жетип келди. Археологдор канчалараган изилдөөлөрдү жүргүзүп, анын негизинде балбал таштарын таап келишкен. Эгерде жыйынтыктарды сактай албасак анда биз кимбиз? Мындай терс көрүнүштөрдү башка жерлерден да көрүүгө болот. Митинг кылгандан эч кандай пайда чыкпайт. Анын ордуна кайрылуу жасаш керек.

— Бизде кайдыгерликти жараткан көйгөйлөр эмнеде деп ойлойсуз? Негизи биз эс тутумга, өткөн нерселерге көп көңүл бурбайбыз. Өзгөчө жаштарда туруктуулук жоктой…

— Жаштардын барында туруктуулук жок деп айта албайм. Эс тутум менен иштеп жаткандар да бар. Эс тутумдарды булак катары колдонуудан четтеп баштаганбыз. Негизи эс тутумга кайрылыш керек. Бул багытта көптөгөн иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Карап көрсөк, эс тутумдардын негизинде 1953-жылдары 1996-жыл боюнча экспедициялар болуп, ар бир аймактан студенттерди чогултушкан экен. Ошол эс тутумдарга да кайрылсак болот. Себеби тарых эс тутумдардын негизинде топтолмокчу.

— Тарыхый темаларды изилдегенде эскерүү же оозеки тарыхтарды колдоносузбу?

— Буга чейин колдонуп келген эмесмин. “Эсимде” долбооруна киргенден бери экспедицияны кайрадан калыбына келтирүү боюнча ойлонуп жатам. Анткени аймактардагы ата-апалардын эс тутумдарын жыйнап калсак, илимге дагы жаңы булактарды чогултмакпыз. Мүмкүнчүлүктөр көп экен.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache