Биз менен байланышыңыз

КСДП: Кытайларга каршы митингдерге тиешебиз жок

Кыска кабар | 15 Янв 2019 | 886 | 0

Кыргызстан социал демократтар партиясы өлкөдө кытайларга карата курчуган жагдайды КСДП менен байланыштыруу аракети болуп жатат деп атайын билдирүү таратты.

Партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева кабарлагандай, калп жана чагымчыл маалыматтарды таратуу аркылуу бийлик өзү кетирген күнөөнү экс-президент Алмазбек Атамбаевге оодаруу аракетин көрүүдө.

Тагыраагы, 7-январда Бишкекте өткөн жана 17-январда өтүүсү жарыяланган митингдердин реалдуу уюштуруучуларын табуу, алдын ала түшүндүрүү иштерин жүргүзүү милдети аткарылбай жатат.

“Биз жоопкерчиликти “оору баштан соо башка” оодара салуу аракеттерин көрүп турабыз. Бул так жогоруда айтылган кытайларга карата маанайды курчутуунун себептерин бийлик саясый оппоненттердин ишинен эмес, өзүлөрүнүн мамлекеттик органдарынан издей турган учур”- деп айтылат КСДПнын билдирүүсүндө.

КСДП кыргыз-кытай мамилесине доо кетире турчу акцияларга эч кандай тиешеси жоктугун айтууда.

Copyright © 2017 Maral FM