Биз менен байланышыңыз

Сегиз өлкөнүн делегаттары Кытайдагы кайра тарбиялоо лагерине барат

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Фев 2019 | 713 | 0

Орусия, Беларусь,Венесуэлла, Египет, Камбоджа, Куба,Пакистан жана Сенегал өлкөлөрдүн Бириккен улуттар уюмундагы өкүлдөрү Кытайдагы Синьцзян-Уйгур автономдук облусуна барат. Женева шаарындагы өкүлдөр Түркиянын билдирүүсүнөн соң дал ушундай демилге көтөрүп тарбиялоо лагерлерине  16-19-февралга чейин болушмакчы.Бул тууралуу 16-февралда Кытайдын борбордук телеканалы билдирди.

Бул жолугушуу аталган өлкөлөрдүн делегаттарынын Кытай Эл республикасынын Тышкы иштер министри менен болгон жолугушуудан кийин чечилген.

Анда Коммунисттик партиянын өкүлдөрү менен экстремизм, терроризм жана сепаратизм менен күрөш туурасында пикир алышуу болгон.

Коммунисттик партиянын өкүлү Цзян Цзяньго Кытайдагы Синьцзян-Уйгур автономдук облусунда тарбиялоо лагерлердин жардамы менен акыркы жылдары белгилүү жылыштар бар экенин айтууда.

Эске салсак, буга чейин Түркия Кытайдагы тарбиялоо лагерлерде кармалып тургандарды бошотууга чакырган билдирүү жасаган.

Copyright © 2017 Maral FM