Биз менен байланышыңыз

«Кыргыз, казак кыздарын күчкө салып кытай жигиттерине беришүүдө»

Кыска кабар , Пикирлер | 3 Дек 2018 | 2180 | 1

Кытайда этникалык кыргыздардын, казактардын кыздарын күчкө салып, кытай жигиттери менен баш коштурушууда. Ар бир үйгө бирден кытай жаранын киргизип койгон. Алар үй-бүлө мүчөлөрүнүн аракетин көзөмөлдөп турушат. Бул тууралуу учурда Кытайдын лагерлеринде туугандары камалган, Кыргызстандын жараны Бейшекан Каса кызы  “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Кытайда кыргыз тилинде саламдашкандарды да кайра тарбиялоо лагерлерине алып кетишүүдө.

«Айылдарда кытайдын ырларын ырдатып жатыптыр. Эрте менен желек көтөрүүгө катышпагандарды дароо камайт. Ошондуктан 8 жаштан 80 жашка чейинкилердин баары ырдоого мажбур. Ар бир үйгө бирден кытайды киргизип койгон. Алар «диниңди, тилиңди жоёсуң» дешет. Кытай өкмөтүн жамандабайбыз. Болгону камоо саясатына каршыбыз. Ал жердегилер да адамча жашаса. Атаны баладан бөлгөн мыйзам жок да», — дейт Бейшекан Каса кызы.

Ал мындан үч жыл мурда мекенине келип, Кыргызстандын жарандыгын алган. Учурда бир туугандары, кайын журту Кытайдагы лагерлерде тарбияланып жатат. Бирок алардан маалымат ала албай келет.

-Атам малчы болчу. Мечитке барып намаз окучу. Бирок аны кармап кетишти. Эки жыл кабар ала албай күтүп отурдум. Атам 15 жылга кесилип кеткенин бир ай мурда уктум. Күйөө баламды да жашаган жериндегилер мечитке имам кылышкан экен. Анын артынан сиңдим экөө да камалып кетишти. Сиңдимдин эки жаштагы кызын, кайнагамдын үч баласын туугандарым багып жатат. Ушул убакытка чейин үйдөгүлөр менен сүйлөшө элекмин. Айылдагы милициялар апама келип «Кыргызстандагы кызың менен сүйлөшпө» деп айтып кетиптир.

 

Copyright © 2017 Maral FM