Биз менен байланышыңыз

«Кытайлар улуттарга социо-психологиялык тажрыйба жүргүзүп жаткандай»

Кыска кабар , Пикирлер | 3 Дек 2018 | 1743 | 0

Башка өлкөлөрдүн элчилери Кытайдагы кайра тарбиялоо борборлорун кыдырып чыгууга бел байлоодо. Кыргызстан дагы бул маселеге маани бериши керек. Мындай пикирин “Саресеп” коомдук-аналитикалык сайтынын башкы редактору Эсен Өмүракунов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, башка мамлекеттер Кытайга санкцияларды киргизүүнү пландап жатат. Синьцзян Уйгур автономиялуу облусунда түрдүү улуттардын атайын өкүлдөрү шайланууда.

«Адамдар кандай принцип менен камалып жатканы белгисиз. Бир үй-бүлөдөн 10 чакты киши камалып, айрымдарын коё берип жатат. Кытайлар улуттардын үстүнөн социо-психологиялык тажрыйба жүргүзүп жаткандай сезилет. Эл кандай реакция кылат, үй-бүлөнүн эки мүчөсү камалса кандай карашат деп камоого алышууда», — дейт Өмуракунов.

Ал дүйнө коомчулугу да кытайдын камоо саясатынан чочуп жатканын айтат. Саясатчылар менен жарандык коом бирге иштеп, кеңешип кадам ташташы зарыл экенин белгилейт. Бирок жарандык коом мыйзамсыз аракеттерден алыс болушу маанилүү экенин эскертти.

«Жарандык коом зулумдукка каршы дүйнөлүк толкунга кошула бериши керек. ШКУга кирген мамлекеттер бирге аракет кылса жакшы болот. Орусия абдан таасирдүү мамлекет. Ошол каналдар менен чыгып, тынчсыздануусун билдирсе чечим чыгат. Кытай бийлигине дүйнөлүк деңгээлде басым болууда. Аларга кошулуу менен жарандык коом активдүү болушу зарыл. Лагерлерге нааразы болгон кытайлар да бар. Аларды да камап башташты. Бирок улутчулдук жакшылыкка алып барбайт, адамзатка чоң залакасын тийгизет. Бул аракеттер биринчи кезекте Кытайдын өзүнө терс таасирин берет», — дейт эксперт.

 

Copyright © 2017 Maral FM