Биз менен байланышыңыз

Парламент мыйзамсыз миграция маселесин талкуулоодо

Кыска кабар | 17 Янв 2019 | 715 | 0

Парламенттин бүгүнкү жалпы жыйынында мыйзамсыз миграция маселеси каралып жатат. вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, акыркы 8 жылда 17 миң 669 кыргыз жараны чет өлкөлүк адамдар менен никеге турган, анын ичинде 60 кытай жараны бар экенин билдирди.

Акыркы 9 жылда Кытайдын 352 жараны кыргыз жарандыгына ээ болгон, анын ичинде: 171 адам этникалык кыргыз, 72 уйгур, 9 өзбек, 6 кытай.

Андан тышкары, быйыл кытай жарандарына иштөө үчүн 16миң 490 квота каралган, анын ичинде 9 миӊ квота кытай улутундагы адамдарга берилген.

Мамлекеттик миграция кызматынын төрага орун басары Самат Токтоболотов чет өлкөлүк жарандар үчүн иштөөгө уруксат берүүнүн баасы 30 миң сомго чейин көбөйтүлгөнүн айтты.

ишканалардагы чет өлкөлүк жумушчулардын саны жалпы кызматкерлердин 20 пайызынан ашпашы керек деген норма бар экенин да кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM