Асел Алымкулова Кыргызстандын жараны. Жолдошу этникалык казак, бирок Кытайдын жараны. Ал Кытайга кетип кайра кайтпай калган. Алымкулова бир жылдан ашуун убакыттан бери эч кандай маалымат ала албай келет. Жолдошу тирүү экенин же өлүрүлгөнүн да билбейт.
— Үйлөнгөнүбүзгө 12 жылдан ашты. Ортодо бир балабыз бар. Күйөөм 2011-жылдан тарта кытайлык компанияга ишке орношуп иштеп жүргөн. Жыл сайын Кытайга барып, 15 күнгө жетпей келет эле. Бирок 2016-жылы кармалып калды. Ал Кытайга баргандан 10 күндөн кийин абал курчуп кеткенин айтты. “Бул жакта көзөмөл көп болуп жатат. Жадагалса телефондорду тынбай текшерип жатышат. Кытайдан чыга албай калат окшойм” деди. Бир жылдай телефон аркылуу байланышып жүрдүк. Бирок 2017-жылдын октябрь айынан тарта сүйлөшпөй калдык. Андан бери бир жыл 2 ай өттү. Жолдошум каякта экенин такыр билбейм. Биз коомчулукка кайрылганыбыз менен эч ким келип кабар алган жок. Лагерден чыккандар тууралуу да маалымат жок. Туугандардын арасында “Күйөөң келгенче карап отурбай бир жакка барып иштесеңчи. Эки жыл болуп кетти” дегендер да болууда. Айла жок, күтүш керек. Чын эле лагерге кеттиби же өлтүртүп салыштыбы? Бир кабарын билиш керек. Жолдошумдун туугандарынын баары Кытайда. Өзү жалгыз бала болчу. Ата-энеси да мурда эле каза болуп калган.
Алымкулова учурда кыйналып жашап жатканын айтат. Жолдошу жок болгондуктан кытайлык компания такыр жолотпойт.
— Балам “атамдын сагындым” деп ыйлайт. Ал 12 жашта. Азыр мектептен да атасы тууралуу сурап жатканын айтып, балдар менен аралашып ойнобой да калды. Атасы жок болгондуктан өзү да көп жерден тартынып жатат. Жолдошум мурда мектепке барып турчу. Мектептен да уулумдан “Атаң кайба, дайынсыз болуп кетти го. Сенин атаң барбы?” деп сурашат экен. Уулум ушуларды айтып келип, ыйлайт. Балам: “Атам камакта экени чын бекен, чыгабы? Эмнеге камаптыр? Атам биз менен эмнеге байланышпай койду?”- деп сурайт.
Алы Сүйүнаалы уулу 1994-жылы Кызыл-Суу Кыргыз автономиялуу облусунда төрөлгөн. Учурда Кыргызстандын университеттеринин биринде 3-курста окуйт. Атасы менен иниси кытай лагерлеринде.
— Маалыматтарга караганда апам үйдө окшойт. Карындашым окууда экен. 2017-жылдын сентябрь айынан бери апамдар менен байланыша элекмин. Такыр мүмкүнчүлүк жок. Башка туугандар да социалдык тармактарда мени чектеп коюшкан, байланышууга болбойт. Каникул болгондо иштеп бираз акча табам. Атамдын туугандары бираз колдоо көрсөтүшөт. Алар үйүнө чакырып турат.
Алы Сүйүнаалы уулу учурда өлкөдө Кытайдагы этникалык кыргыз студенттердин саны азайып кеткенин айтат.
— Кыргызстандагы студенттердин саны мурда 50дөн ашуун болчу. Азыр 20га жетпейт. Айрым студенттер Кытайга кетип келбей коюшту. Мисалы, менин досторум учурда айтылып жаткан лагерде камалуу. Бул тууралуу так маалымат алгам. Анткени алардын агай, эжейлери мага байланышып “досторуң окуусун улантабы, тактап берчи” дешкен. Мен мурда Кытайда чогуу окуган группалаштарыма жаздым. Алар эки досум тең лагерге алынып кеткенин айтышты. Көрсө 2018-жылдын май айында камакка алынышкан экен. Досторум кышкы каникул маалында Кытайга кетишкен эле. Окуя кандай болгонун сурадым. Алгач эки досумдун паспортун тарып алышат. «Арыз жазсаңар беребиз» деп көпкө күттүрүшөт. Май айына келгенде “силердин маалыматыңарды такташ керек, үйрөнүшкө кетишиңер зарыл” деп кайра тарбиялоо борборлоруна алып кетишиптир. Бул маалыматтарды агай, эжейлерге айтсам “жок дегенде бир жыл күтөлү, анда да келбесе айла жок окуудан четтетебиз” дешти.